Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Эки гезит “Азаттыктын” эки кызматкерин жыл мыктылары деп жарыялады


Аталган гезиттин жыл жыйынтыгындагы тандоосу боюнча “Азаттыктагы” көрүнүктүү ишмерлер Бүбүкан Досалиева “жылдын мыкты журналисти”, Шайлообек Дүйшеев – “жылдын чыгаан акыны” деген атакка ээ болду. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмери Бүбүкан Досалиева жыл мактоосуна биринчи жолу арзып жаткан жок. Ал буга чейин Президенттин “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты болгон. Бүбүкан Досалиевага бир эле учурда “Айыл өкмөтү” гезити “Кылым башатынын жаратманы” деген атак ыйгарды. Ал эми Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди кыргыз журту бөтөнчө таланттуу акын катары аздектеп сыйлайт.

XS
SM
MD
LG