Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

2008: Орчундуу окуялар таржымалы


Жылдын эң зор жоготуусу - кыргыз калкы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон ажырап калды

Жылдын эң зор жоготуусу - кыргыз калкы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон ажырап калды

Өтүп бараткан жыл саясий жактан туруктуулугу менен эсте калды. Бирок улут Ч.Айтматов, Д.Садырбаев, А. Жумакматов сыяктуу залкарларынан ажырады. Энергетикалык кризис тутанды.

Январь

Жаштардын каршылык акцияларын милиция кууп таратты
Январь айы “Мен ишенбеймин” активисттеринин нааразылык акциялары менен коштолду. Бул айда Жогорку Соттун төрагасы алмашып, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы бийликтеги адамдардын жакындарынын колуна өтө баштады. 2008-жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланды.

Февраль

Коомдук парламент
Февраль айында Россияда такырбаштардын колунан бир айдын ичинде 8 кыргыз атуулунун өлтүрүлүшү Кыргызстанда чоң резонансты жаратты. Жогорку Кеңеш орус Думасына кайрылуу кабыл алды. Укук коргоочулар нааразылык акциясына чыгышты. “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин президенттин жакын туугандары сотко берип, ал гезиттердин жабылышы менен аяктады. Кумтөр кени боюнча Алмазбек Атамбаевдин убагында түзүлгөн келишим парламентте карала баштап, бирок келишим жокко чыгарылды. Анын ордуна жаңы келишим түзүү аракети ушул кезге чейин ишке ашпай келатат. Февралда “Акыйкат үчүн” оппозициялык кыймыл түзгөн Коомдук парламент ишин баштады.

Март

Март айынын башында президент Курманбек Бакиев Германияда бутунун муундарын дарылатууга киришти. Бул боюнча ачык
маалыматтын берилбеши “президент каза болуп калыптыр” дегенге чейинки ушак-айыңды жаратты. Аксы окуясы боюнча Элдик сот чечимин чыгарып, мурунку жана азыркы президент баш болгон мамлекеттик кызматкерлердин тобун Аксы окуясы үчүн айыптуу деп тапты.

Апрель

Апрелде оппозиция курултайына чогулуп, Каркыра жайлоосун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы чыкты. Бул маселе боюнча 26-апрелде Түптө оппозиция жүрүш уюштуруп, бирок ал ийгиликке жеткен жок. Токтогул суу сактагычында суунун аз калгандыгы айтылып, электр энергиясын берүү чектеле баштады.

Май

Май айында Чыңгыз Айтматов Татарсанда жумуш сапарда жүргөн убагында ооруп калды. 18-майда ал Германияга ооруканага которулду. 28-майда Кыргыз эл артисти Дооронбек Садырбаев көз жумду.
Бул айда президент менен ал кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун ортосунда чатак чыгып, ал күзүндө Мадумаровдун Коопсуздук кеңештин катчысы кызматка келиши менен аяктады.

Июнь

Июнь айында кыргыз калкы улуу уулу Чыңгыз Айтматовдон ажырап калды. Германияда дарыланып жаткан улуу жазуучу 10-июнда көз жумду. Бул айда ошондой эле “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери соттолуп, ал гезиттердин жабылышы менен аяктады.

Июль

Июль айында президент Курманбек Бакиев Москвага жумуш сапар менен барып, Россия Кыргызстанга 2 миллиард доллар насыя берүүгө макулдугун билдиргенин ачыктап чыкты. Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов кызматынан алынып, анын ордуна Нариман Түлеев дайындалды.

Август

Август айында орус-грузин чатагын Ысык-Көлдө кыргыз жана казак президенттери талкуулады. Бээжин олимпиадасына кыргыз спортчулары катышып, Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медалды жеңип алды.
24-августа Кыргызстанда Боинг-737 учагы кырсыкка учурап, анда 65 киши каза тапты.

Сентябрь

Сентябрь айы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусунан чыккан чатак менен коштолду. Анда Кабилова президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан коркутууларга кабылып, жашынып кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Айдын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амражановдун жоголгону айкын болду. Алардын дареги ушул кезге чейин чыга элек.

Октябрь

1-октябрда Орозо айт күнү Ноокат районунун акимиаты таш-бараңга алынып, аны “Хизбут-тахрир” уюмунун тарапкерлери жасаганы кабарланды. 5-октябрда Алай районундагы Нура айылында жер титирөөдөн 75 киши каза тапты. 10-октябрда Бишкекте КМШ саммити өттү. 20-октябрда президент Курманбек Бакиев Германияга дарыланууга экинчи ирет жөнөп кетти.

Ноябрь

Оппозициялык күчтөр биригишкенин жарыялап, 3-ноябрда меморандумга кол коюшту. 18-ноябрда Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык кыймыл Таласта курултай өткөрүп, азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурун кызматтан кетирүүнү жактады.

Декабрь

Президент Коомдук палата түзүү жардыгына кол койду. Оппозициялык күчтөр биригүү жараянын улантып, Бириккен Элдик Кыймылды түзүштү. Ага 7 саясий партия, үч кыймыл жана башка коомдук уюмдар кирди. Өкмөт Бишкек жылуулук борбору, “Түндүкэлектро”, Бишкекжылуулуктармактар ишканаларын саттыкка койду.


Жылдын жоготуусу...


Быйыл 10-июнда Германиянын клиникаларынын биринде катуу оорудан кийин кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов көз жумду. Улуу жазуучу менен коштошуу 14-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филарманиянын имаратында болду.

14-июнда улуу жазуучунун сөөгү “Ата Бейитке” коюлду.

12-декабрда улуу жазуучунун туулган күнүндө “Ата Бейитте” эскерүү зыйнаты жасалды. Президент Бишкектеги Эмен багына, Орус драма театрына Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу тууралуу жардыкка кол койгонун билдирди. Бирок коомчулукта улуу жазуучунун өзүнө жараша урмат-сый көрсөтүлбөй калды деген өкүнүчтөр пайда болду. Мамлекет улуу жазуучунун чыгармаларынын топтомун басып чыгууга да киришкен жок. Аны “Бийиктик” аттуу менчик басмакана колго алып, улуу жазуучунун чыгармалынын сегиз томдугун басып чыгарды.

Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева Чүй проспектисине улуу жазуучунун ысмын ыйгаруу тоскоолдуктарга учурап жатканын белгиледи:

-Биз, демилгелүү топ Чүй проспектисин Чыңгыз Айтматов атындагы проспекти деп атоо сунушун киргиздик эле.Мына ушундай адамга бир чоң көчөнүн атын кое албай, ыраа көрбөй турабыз. Дэн Саяопин ошол көчөнүн жарымы экен. Менин оюмча ушул көчөнү берсек туура болот эле. Эгерде Чыңгыз Айтматовго ыраа көрбөсөк, анда бул да элдин жүзүн көрсөтө турган нерсе болуп жатат.

2008-жылы кыргыз калкы Чыңгыз Айтматовдон сырткары “Кайран эл” деп каңырыгы түтөп жүргөн Дооронбек Садырбаев, залкар дарыгер Мирсаид Миррахимовдон, искусство чеберлери Тууганбай Абдиев, Асанкан Жумакматов менен да кош айтышып калды.

Бул жоготуулар тууралуу Абдыганы Эркебаев “Азаттыкка” мындай пикирин билдирди:

-Саясий-экономикалык жагдайларды айтпай эле коеюн, биз үчүн чоң руханий чоң жоготуу Чыңгыз Айтматовдун каза болушу болду. Мына Чыңгыз Айтматов, Дооронбек Садырбаев, Мирсаид Миррахимов, Асанкан Жумакматов, Тууганбай Абдиев – не деген залкар адамдар эле. Экономиканы чечсе болот, саясий маселелерди жөндөсө болот, бирок улуу таланттардын ордун толтуруш кыйын. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кетиши менин кабыргамды аябай кайыштырды, ал жөнүндө бир ишти бүттүм. Ошону менен жылды жыйынтыктагым келет.

Энергетикалык кризис...

2008-жыл энергетикалык кризистин жылы болду.Бийлик энергетикалык кризисти 2007-2008-жылы кыштын катуу келиши жана
кургакчылык менен байланыштырды. Бирок адистер бул жүйөө чындыктан алыс экенин белгилеп келишет. Маселен, илимий-техникалык “Энергия” борборунун башчысынын орун басары Ахмед Жүндүбаев кризистин башаты Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалсыз пайдалануу деп атады.Азыркы мезгилде Токтогулда 8 миллиард 400 миллион куб метр суу бар экени маалым. Сууну үнөмдөө максатында электр энергиясын жалпы өчүрүүлөр өлкө боюнча орун алууда.

Адистер энергетикалык кризистен чыгуу үчүн, Токтогул суу сактагычында сууну жетиштүү өлчөмгө жеткирүү үчүн жылдар керектигин билдирүүдө. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов энергетикалык кризисти жыл окуясы катары баалады:

-Мына бул эң кайгылуусу электр жарыгы жок болуп, эл кыйналып жатканы болуп жатат. Мен жакында Алма-Атадан келатып, Курдайды карасам бардык жогу жаркырап турат экен. Анан Кыргызстанга келатып болсо тим эле көргө кирип бараткандай болот экенсиң. Абдан караңгы. Бир жерде да жарык жок. Ошондон аябай намыстанат экенсиң. Бизде мындай боло элек болуучу. Мындай кыйынчылыкты көрө элек болчубуз.

Бийлик энергетика тармагындагы бөлүштүргүч компанияларды сатууга быйыл киришти. “Түндүкэлектро”, Бишкек жылуулук борбору жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканалар бириктирип саттыкка койду.

Экинчи жактан өкмөт Камбар-Ата -2 ГЭСинин курулушун баштап, бюджеттен 1 милилард 300 миллион сом бөлдү.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн Россиядан насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, маселе чечилип калганын премьер-министр Игорь Чудинов декабрь айындагы Москвага сапарынын жыйынтыгынан кийин билдирди.

Президент Курманбек Бакиев 27-декабрда РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда 2009-жылы январь айынын экинчи
бөлүгүндө Россияга сапары болоорун, мына ошондо 2 миллиард доллар насыя алуу маселеси толук чечилерин билдирди.

Мурда маалымдалгандай, орус тарап берүүгө ниеттенген 2 миллиард доллардын 300 миллиону жеңилдетилген шарт менен бюджетке багытталса, 1 милилард 700 миллион доллар Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жумшалмакчы.

Кыргызстандык саясатчыларды берилип жатканын насыянын коммерциялык мүнөздө экени, же LIBOR+3 шартында берилиши өтө оор экени тынчсыздандырууда.

Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов мына ошондой пикирде:

-Бул аябай оор шарт.Жогору пайыз. Аны көтөрүүгө биздин күчүбүз жетпейт. Бирок биз азыр кандай насыя болсо да ала беребиз. Анткени биздин чоңдор азыркы жыртыкты жабыш үчүн алышат. Булар бир-эки жылдан кийин кетет. Анан кесепеттин баары, кыйынчылыктын баары кийинки муундарга калат.Акаев да ушундай кылган, менин убагымда жакшы болсун. Мени жакшы дей беришсин. Насыяларды ала берейли, жей берейли деген.

Ал ошондой эле бюджет үчүн 300 миллион доллар карыз албаш керектигин, анткени аны жеп салып, андан мамлекеттинк арызы өсөөрүн, мына ошондой жол менен акыркы үч жылда тышкы карыз 300 миллион долларга көбөйгөнүн белгиледи.

Социал-демократиялык фракциянын депутаттары да Россиядан алына турган насыянын шарты оор болуп калбаса экен деп тынчсызданууда. Фракциянын лидери Бакыт Бешимов:

-Россиядан насыя алына турган болуптур. Шарттары татаал экен деп өкмөткө суроо бердик. Алар ага азырынча жооп бере албай турат.

Ал эми айрым саясат талдоочулар, эгерде президент Россия насыясын алып, аны натыйжалуу пайдаланып, Камбар-Ата ГЭСтерин тургузууга жетишсе, келерки президенттик мөөнөт үчүн чоң таяныч болоорун билдирүүдө.

2008-жылы Кыргызстанда эки ири кырсык болду.

24-августа Манас аба майданынан Иранга карай учуп чыккан Боинг-737 учагы кырсыкка учурап, 65 киши каза тапты. Ал эми Алай районунда Нура айылында 5-октябрда жер титирөөдөн 75 киши каза тапты. Өкмөт нуралыктарды кыш суугунда калтырбоо үчун убактылуу темир үйлөрдү орнотуп берди. Нуралыктардын азыркы абалын өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев мындай баалады:

Бүгүнкү күндө Нура айылындагы адамдардын бардыгы толук бойдон азык-түлүк, кийим-кече, убактылуу үй менен камсыз болгон. Көмүрү жана башка нерселери бар. Ошондуктан биз ал жактан кыжалат эмеспиз. Кудай буюрса, жаз келсе, жаздан баштап ал жерде жаңы кыштак курабыз. Ага өкмөттүн чечими бар.

Жылдын чатагы

Өтүп бараткан жылдын чатагы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилованын президенттин уулу Максим Бакиев кордоп сөгүп, коркутуп-үркүттү деп, Кыргызстандан сентябрь айынын аягында чыгып кетүүсү болду.Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, президенттин уулу суракка чакырылды. Бирок ошол бойдон тергөө иши алдыга жылган жок. Клара Кабилова 2007-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарат деген үмүт менен оппозиция лидерлери Москвада болуп, аны менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө аракет жасады. Бирок андан азырынча майнап чыга элек. Ага карабай оппозиция Клара Кабилова кезектеги билдирүү менен чыгат деген ишеничте.

Жылдын саясий окуясы

Жылдын саясий окуясы оппозициянын биригүүгө аракети болду. Ал эми бийлик 2008-жылды саясий туруктуулуктун жылы катары баалап жатат. Президент Курманбек Бакиев ошондой эле быйыл экономикалык өсүш 7-7.5% болду деп, аны жетишкендик катары баалап жатат.

Бирок Кумтөрдү кошпогондо өсүш дээрлик жок экенин экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров белгилеп жатат:

-Эгерде Кумтөрдү алып кое турган болсок биздин өнөр жайыбыз 98.8% гана өсүштү камсыз кылды.Курулуш тармагы 115% өсөт деп күткөнбүз. Бирок бул тармак да былтыркы жылга салыштырмалуу 96.6% өсүштү камсыздай алды.

Оппозиция демекчи, оппозиция 2008-жылдын башынан эле биригүүгө аракет жасады. Алгач Аликбек Жекшенкулов жетекчилиги
астында “Акыйкат үчүн” кыймыл, Коомдук парламент түзүлдү. Кыймыл эки жолу курултайын өткөрдү. 29-ноябрда болгон акыркы курултайда оппозициялык күчтөр меморандумга кол коюшту. Анын маанисин социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев мындай баалаган эле:

-Жалаң эле оппозиция эмес, сол канаты болобу, оң канаты болобу-баарыбыз азыркыдай Кыргызстанды башкарууга болобой деген бир негиз, бир принцип менен биригип жатабыз. Акаевдин мезгилиндеги башкаруу системасы ошол бойдон калып жатат. Үй-бүлөлүк башкаруудан кетишибиз керек.

Меморандумга кол койгон күчтөр мыйзам чегинде аракеттенүүнү жактап чыгышты.
Бирок, Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык кыймыл президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгесин көтөрүп, меморандумга кол койгон айрым партиялар ага карай ыктап, колдоосун көрсөтө баштады. Маселен, “Ак шумкар” партиясы мына ушундай багытта иш жүргүзө баштады. Бул арада “Жаңы Кыргызстан” партиясынын оппозицияны карай ыктай баштоосу оппозициянын дагы бир бирикме түзүүсүнө алып келди.

Ошентип 24-декабрда Бириккен Элдик Кыймыл түзүлдү. Анын курамына үч кыймыл,жети саясий партия жана коомдук уюмдар кирди. Кыймылдын максаты азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурун кетирип, Кыргызстанда жаңы бийлик системасын орнотуу экени жарыяланды. Бул ноябрь айында меморандумга кол койгон оппозициянын радикалдуу эмес канатынын да, Азимбек Бекназаров башында турган Элдик революциялык кыймылдын ураанына кошулуусуна алып келди. Жаңы түзүлүш канчалык бекем жана аракети натыйжалуу болот, аны эми мезгил көрсөтөт.




  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG