Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

14 милиция кызматкеринин үй-бүлөсү жатаканадан чыгарылууда


Мындай талапты Айыл чарба академиясынын жетекчилиги коюуда. Ректорат аталган үй-бүлөлөр административдик тартипти бир нече ирет бузган жана батир акысын өз маалында төлөгөн эмес деген негиз менен 30-декабрга чейин жатакана бөлмөлөрүн бошотуу тууралуу 23-декабрда чечим чыгарган. Жатаканада жашаган милиция кызматкерлеринин биринин жубайы Назиранын билдиргенине караганда мындай кырдаал он төрт жылдан бери уланып келатат. 3600 сом айлык алган милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсү жатакана үчүн батир акысын өз учурунда төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетпей жатат. Жатакананын ар бир бөлмөсү үчүн айына 938 сом чектелген.
Милиция кызматкерлеринин турак жай же үй курууга жер алуу үчүн кезеги 14 жылдан бери жылбай турат. ИИМ бул багытта колдоо көрсөткөн жери жок. Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова академиянын жатаканасында узак мөөнөттөн бери жашап келаткан кызматкерлерди ректорат сот чечиминин негизинде гана чыгарууга укуктуу. Бөлмөлөрдү менчиктештирүү жагын сотто кароого да негиз бар дейт укук коргоочу. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG