Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

2008-жылы сөз эркиндиги өтө басмырланды


Мындай пикирин Кыргызстандагы Медиа өкүлү Илим Карыпбеков “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарына көптөгөн чектөө механизмдери киргизилди. Мисалга: телерадио компаниялар тууралуу быйыл кабыл алынган мыйзамда сөз эркиндигин басмырлоого багытталган иш-аракеттер бар. КР кылмыш кодексинде мурда колдонулбаган бир катар беренелер быйылкы жылы кырдаалды ачык жазган журналисттерге карата колдонулду, дейт Илим Карыпбеков. Медиа өкүлү Кыргызстан быйылкы жылы сөз эркиндиги боюнча артка кетенчиктегенин белгилеп, буга журналисттердин ички биримдигинин жоктугу да негиз берип жаткандыгын кошумчалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG