Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Орусия газды Беларуска арзан, Украинага кымбат баада сатат


Москвада 22-декабрда Орусия жана Беларус президенттери Дмитрий Медведев менен Александр Лукашенко жолугушкан. Сүйлөшүү маалында келе жаткан жылдын башынан тартып Минскиге сатылуучу орусиялык көгүлтүр отундун баасы бычылган.

Ишемби күнү Орусия көгүлтүр отунун Минскиге арзан баада сата тургандыгын, бирок ал баа 2008-жылдагыдан кымбат болорун «Газпром» компаниясынын маалымат катчысы Сергей Куприянов билдирди. Анын себебин Куприянов дүйнөлүк базарда карамай баасынын ылдыйлашынан улам болду деп чечмелеген.

Ушул жылдын биринчи чейрегинде орусиялык көгүлтүр отундун ар миң кубометри үчүн Беларус 119 доллардан төлөп келген. Экинчи чейректен тарта, башкача айтканда апрель айынан тарта ар миң кубометр газ үчүн 127,8 доллар төлөй баштаган.

Мындай кеп жакында эки өлкө жетекчилери жолуккандан соң айтыла баштады. Лукашенко журналисттерге кийинки жыл ичи Беларус орусиялык көгүлтүр отун үчүн 2,5-3 эсеге ылдый баа төкмөк болду деген. Бирок ал кандай баа экени айтылган эмес жана ал эки өлкө өкмөт башчылары чукулда жолукканда түзүлө турган келишим арибинде кирет дешет.

Ал арада, 24-декабрь күнү Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин көгүлтүр отун саткан өлкөлөр олтурумунда «энергия кубатын өндүрүүгө керектелчү, алардын арасында көгүлтүр отундун арзан баада сатылып келген доор мындан ары болбойт» деген.

Талдоочулар буга дейре Орусиянын карамайы менен көгүлтүр отунун башка мамлекеттерге сатуу саясатка эриш аркак болуп келаткан, эми азыр ачык жасалып, өнөктөшүн кепке ийкем болсун үчүн пайдаланыла баштады дешет. Бул жолу Лукашенко-Медведев жолугушуусунда ошондой «соодалашуу» болгонун агенттиктер жазышат.

«Коммерсант» басылмасы “Орусия каражат насыя берерин эскертип, бирок элден мурда Түштүк Осетия менен Абхазияны ырасмий тааны деп Беларуска эскерткен” деп жазат. Август айында Грузия менен болгон куралдуу кагылыштан кийин Москва аталган эки субъекти мамлекет деп тааныган жана дүйнөлүк коомчулуктан аларды Никарагуа гана тааныган.

Кремл бийлигинин тышкы саясатында көгүлтүр отун менен карамай сатуусу саясатташып кетишине дагы бир мисал - «кызгылтым ыңкылап» ээси Украинага саткан газдын баасы Беларуска караганда кыйла жогору болушу дешет. Үстүдөгү жылы Украина сатып алган орусиялык көгүлтүр отундун ар миң кубометри үчүн 179 долардан акы төккөн. Жыл этегинде 2 миллиард доллар карыз калган. Ошондон Киев менен Москванын көп жолу болгон чыры кайталанып, бул күндөрү кайрадан ит жыгылышмай болушууда.

Кызык жери, өзүн жумуриятпыз деп атап алган Молдованын бир өңүрү – Днестр боюндагы субъект да Москвага болгон карызы 1 миллиард 800 миллион долларга жетип калыптыр. Бирок эмнегедир Кремл андан акы өндүрүү үчүн ошончо эле ыкылдатпайт экен. Мына ушундай көрүнүштөр артында саясий шаани жатканын анализчилер белгилешет.

«Газпромдун» ырасмий өкүлү Сергей Куприянов болсо ишемби күнү «Эхо Москвы» үналгысы аркылуу айткан пикиринде:

- Беларуска сатылчу көгүлтүр отундун баасы мурда жетишилген макулдашууга караганда саал ылдый. Анын себеби эмнеде? Биз бааны гана бычпастан кийин алардан аны кантип өндүрүп алуу керектигин да ойлонобуз.

Саясый талдоочулардын айтымында, кризис кычап турганда Кремл бийлигинин Никарагуа режимине насыя бөлүшү анын түштүк Осетия менен Абхазияны таанышына жооп ирээтинде болгон. Ал эми Беларус, Сербия, Кыргызстанга да насыя каражаттын бөлүшүн Орусиянын тышкы саясатынын аталган мамлекеттерди карай бет алышынан дешүүдө. Саясий эксперт Федор Лукьянов «Азаттыкка» буларды айтты:

- Никарагуа, Беларус жана жакында Кыргызстан алган насыя акчалар алардын келечекте өнөктөш болуп калуулары үчүн эле көп каражаттар эмес.

Бирок Москванын аракетинде, кокус Украина такыр далысын салып, кепке келбеген учур келсе, анда Батышка чыгарып сатып аткан көгүлтүр отуну өткүдөй бөлөк жол чабуу Беларус жери аркылуу өтүшү мүмкүн дешет байкоочулар.

Ал эми Сербияга коротула турган каражаттын артында Балкан аймагында Орусиянын орун таап, ал жакка таасирин арттыруу аракети, ал эми Кыргызстанга колдоо көргөзү менен Борбордук Азия чөлкөмүн чеңгелинен чыгарбоо дымагы менен байланыштуу дешет талдоочулар.

XS
SM
MD
LG