Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Үсөн Сыдыков БЭКтин Улуттук кеңешине кирбейт


Бул тууралуу “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун жардамчысы Улан Усеков “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, Азимбек Бекназаров Үсөн Сыдыковдун макулдугусуз эле аны Бириккен Элдик кыймылдын Улуттук кеңешине мүчөлүккө сунуштаган.Үсөн Сыдыков ага кирүүгө ниети да жок, кошулбайт дагы. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков Бириккен Элдик Кыймыл түзүүнүн демилгечилеринен болгон. Анын бул аракети үчүн партиянын баш катчылыгынан бошотулгандыгын Үсөн Сыдыков билдирген. Өз кезегинде Исмаил Исаков андай чечимди мыйзамсыз деп таап, баш катчылыктан бошотуу партиянын саясий кеңешинде, же май айында болот турган курултайында чечилерин билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG