Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

БЭКтин саясий кеңеши бүгүн чогулат


Анда Бириккен Элдик Кыймылдын ишин уюштуруу, аппаратын түптөө жана кыймылдын январь айындагы иш планы каралат. Бул тууралуу БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Исмаил Исаков бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Саясий кеңеште ошондой кыймылдын Улуттук кеңешинин жыйынын чакыруу маселеси каралат. БЭКтин курамына 3 саясий кыймыл, 7 партия жана коомдук уюмдар кирген.Кыймылга кирген ар бир уюмдан үчтөн өкүл Улуттук кеңешке кирген. Улуттук кеңеш кыймылдын башкы органы болуп эсептелет. (AiT)

XS
SM
MD
LG