Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Э.Байсалов: Ү.Сыдыков азыркы бийликтин эң терс көрүнүштөрүнүн үлгүсү


Эдил Байсаловдун пикиринде, Үсөн Сыдыков менен Кыргызстанда күч алган жердешчилик, уруучулук жана мыйзамсыздыкты байланыштырса болот. Сыдыков эл эсинде коммунисттик доордо эле терс сапаттары менен калган жана азыркы оппозициянын катарына ал кошулган болсо, анда оппозицияны эл эрчибейт. “Мүмкүн Сыдыков оппозициянын катарына кошулуу менен 2005-жылда бийлик алмашкандай, кезектеги ирет бийлик алмашканда төрдө калууну көздөп жатат болуш керек. Бул ирет оппозиция Курманбек Бакиевди эле эмес, бийлик системасын алмаштырып, демократия, мыйзамдуулук орнотууга киришиш керек”, деп белгиледи Эдил Байсалов бүгүн “Азаттыкка”. Үсөн Сыдыковдун талапкерлигин Бириккен Элдик Кыймылдын Улуттук кеңешине мүчөлүгүнө Азимбек Бекназаров сунуштаган. Бекназаровдун пикиринде, Ү.Сыдыков да үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан инсан.(AiT)

XS
SM
MD
LG