Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Нарында милиционерлерге өзгөчө абал белгиленди


Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтына Нарын облустук, шаардык жана Нарын райондук ички иштер кызматкерлери чогултулуп, облустук ички иштер башкармасынын жетекчисинин буйругу тааныштырылды. Анда милициянын өздүк курамы 30-декабрдан 2009-жылдын 2-январына чейин Нарын шаарынын аймагында күчөтүлгөн тартипте иш аткарылаары билдирилди. Эртең мененки 10дон түнкү саат бирге чейин шаарда 130 кызматкер коомдук тартип сакчылыгында болушаары айтылды. Ал эми облустук ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Асан Кенжебаев төрт күн аралыгында облуста жалпысы 328 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштешерин маалымдады. Жыйын соңунда бир катар милиция кызматкерлерин облустук, шаар, райондук акимчиликтердин, облустук ички иштер башкармалыгынын Ардак Грамоталары жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо жөрөлгөлөрү болду. (KUs)

XS
SM
MD
LG