Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармаcынын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылышууда


«Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Абдыкаров «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамды, ошондой эле Эмгек Кодексин бузуп, кесипкөй кадрларды жумушунан негизсиз төмөндөтүп жана кызматынан бошотту. Мындан тышкары ишкана кызматкерлеринин көпчүлүгү 4-5 айлап маянасын көрө элек. Кесиптештери ушинтип кыйналып жатканда башкы архитектор кабылдамасын ремонттогонго 1 миллион 200 миң сом сарптады. Ошол эле убакта карамагындагы 12 адам шарты жок жертөлөдө иштешүүдө» деп жазышат Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын кээ бир кызматкерлери президент Бакиевге, Жогорку Кеңеш төрагасы Тагаевге жолдогон Кайрылуусунда. Ош шаар мэри Жумадыл Исаков Алмазбек Абдыкаров ишкананы иретке салып, кыйла оңдогондугун белгилеп, айрым архитекторлордун даттануусун жүйөөсүз деп эсептейт. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG