Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

«Сентябрь» телеканалына куугунтуктоолор токтотула элек


Мындай билдирүүнү 29-декабрда сыналгынын мурдагы деректири Асылбек Текебаев билдирди. Анын айтымында Сузак райондук ички иштер бөлүмү ага Жогорку Кеңеш шайлоосу маалында негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон. Милиция мени телемунараны соттун аныктамасы чыга электе көчүрүүгө келген укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө каршылык кылган деп айыптаган. Аталган кылмыш иши бүгүнкү күнгө дейре Чубактын кунундай созулуп, же жабылбай, же аягына чыкпай келатат. Беш жылдык ижара акысы алдын ала төлөнгөн телемунара жайгашкан алты сотик жердин чатагы бир жылдан бери чечилелек. Ал маселе боюнча райондор аралык экономикалык жана облустук соттор туура эмес чечим чыгарган. Ал чечимдерди жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко жиберилген эки арыз убагында каралбагандыктан үчүнчү ирет кайрылууга туура келди, деп айтты Базар-Коргон райондук кеңештин депутаты Асылбек Текебаев. (YA)

XS
SM
MD
LG