Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Жалал-Абат: Экстремизм коркунучунан калк кабарсыз

  • Ырысбай Абдыраимов

Ноокат районунда тополоң чыгарган хизбутчулар сот залында.

Ноокат районунда тополоң чыгарган хизбутчулар сот залында.

Жалал-Абат шаарынын тургуну Арстан Жээнбековдун баамдоосу боюнча бийликке эл ишенбей калды. Жакшы жашоо болот деген үмүт акталбагандыктан, айрым адамдар диний экстремисттик уюмдарга өтүшүүдө. Алар калк арасында өз үгүт-насыятын тымызын жайылтышууда. Динге жамынган саясий топтор чечимди тез кабыл алаары менен жарандарды тартып алууда.

Өлкөнүн келечегине экстремисттик топтордон болчу коркунучту мамлекеттик бийлик менен өкмөт сезбей жатат. Атүгүл алардын өкүлдөрү мамлекеттик кызматтарда да олтурушат. Көпчүлүк «Хизб-ут тахрир» партиясынын түпкү максатынан кабарсыз.

- Эл бийликке ишенбей калды. Кимдин чөнтөгү калың болсо сот деле, прокуратура деле ошонуку, кимдин чөнтөгү калың ал бийликке барат. “Хизб-ут тахрир” Кыргызстанга чоң коркунуч алып келиши мүмкүн. Муну биз азыр сезбей атабыз. Ноокатта болгон окуя бул болбогон кичинекей эле нерсеси. Күнүмдүгүн эле ойлогон адамдар болуп калды биздин бийлик, элдин келечегин ойлобой, чечпей калды. “Хиз-бутчулар” тамырын чоң таркатып атат, булардын келечеги күчтүү болуп кетет. Биздин арабызда жүрүп алып эле күнүгө бирден сөз айтып ишендирип отуруп бир айдын ичинде 30 сөз айтып койсо эл ишенип калып атат. Абдан жакшы келишип, ушуну алдын албасак бизде акыбал абдан оор, - дейт Арстан Жээнбеков.

Облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун пикиринде мындай кооптонуулар орунсуз. Анын айтымында, диний-экстремисттик уюмдар мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч келтире албайт. Аларга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Калкка маалымат берилүүдө. Экстремисттик топтор Курандын аяттарынан адашканы, туура эмес жолго түшкөнү жана динди бузуу үчүн жалган саясат жүргүзгөнү, элди адаштырганы менен коркунучтуу. Атүгүл жаңылганын мойнуна алып, “Хизбут тахрир” партиясынан баш тарткандар да бар деп айтты Кадырбек Бечелов:

- Бийликке ишенбеген үчүн өткөн жок. Бийликке элдин баары ишенип ата азыр. Эмне деген бийлик иштерди жүргүзүп атат. Элдин жашоо турмушун оңдош үчүн. Элдердин өтүп кеткендигинин себеби караңгы, шарият жөнүндө маалыматы жок, илими жок адамдарды өздөрүнүн идеясын таңуулоо жолдору менен өздөрүнө чакырып кетип атат. Мен хизбутмун, же болбосо мен диний экстремисттик агымдамын деп өзү чыкпаса анан кантип мойнуна коесуң. Далилденген мамлекеттик кызматтагы диндик экстремисттик адамдар бар экени тууралуу маалымат менде жок.

«Ак жол» партиясынын өкүлү Мураталы Үчкемпиров диний уюмдар тууралуу коомчулукка туура маалымат жетпей жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, терс көрүнүштөргө каршы бийлик менен дин өкүлдөрү чогуу иштешпегендиктен жашыруун уюмдардын таасири күчөөдө. Жаштар арасында экстремисттик жана батышчыл дин уюмдарына киргендер көбөйүүдө. Кийинчерээк мусулмандар менен христиандардын ортосунда жаңжал чыкпайт деп эч ким кепилдик бералбайт, деди Мураталы Үчкемпиров:

- Жаштарда маалымат жок, мунун кесепети жөнүндө эле ойлонбойт, кандайдыр бир башаламандыкты пайда кылышы мүмкүн, кимдер урушушу мүмкүн, кандай тополоң чыгышы мүмкүн, муну чукул анализдеген адамдар жок. Ошон үчүн эксперттердин, же илимий адамдардын, расмий түрдө иштеп жаткан диний кызматкерлердин дагы ишинин натыйжасы аз.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG