Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу маектешкен аймактык эксперттер 2008-жыл жогорку деңгээлдеги саммиттер, жыйындар болгонуна, эки тараптуу визиттер жасалганына карабай, аймактык кызматташтык үчүн эң начар жыл болгонун белгилешүүдө.

Жаңы жылга жаңы үмүттөрдү Борбор Азия аймагы менен бирге караганда, аймактын өкмөттөрү, саясий элитасы артта калган жылдары чече албай келген көйгөйлөр жаңы жылда жөнгө салынабы деген ой келет. Атап айтканда, чек арадан атуулдардын ары-бери каттоосунда уланып келе жаткан кыйынчылыктар менен кыйноолор, жарык менен суунун тартыштыгы чечилеби? Достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимдерге карабай, аймактын тигил же бул өлкөсүнүн чек араны бир тараптуу түрдө жабып салуусу, экинчи өлкөнүн коңшусунан келген мигранттарды күч менен депортациялоосу, суу башындагы жана аягындагы, ошондой эле аны өткөргөн өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштар, чек аралардын такталбай жатышы аяктаган жылды коштоо менен катар жаңы жылдын жана күн тартибине кирүүдө.

Аймактык кызматташтыктын арасат абалы үчүн жалгыз эле Өзбекстан күнөлүүбү ?

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосу маектешкен аймактык эксперттер аяктаган 2008-жыл жогорку деңгээлдеги саммиттер, бир катар жыйындар өткөнүнө, эки тараптуу визиттер жасалганына карабай, чөлкөмдүк кызматташтык үчүн эң начар жыл болгонун белгилешүүдө. Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев аяктаган жылдагы аймактык кызматташтыктын абалын мындайча мүнөздөйт:

- Жыл аймактык кызматташтык жагынан Борбор Азияда эле эмес, бүткүл постсоветтик аймакта эң начар болду. Эгер мисалы КМШны алсак, анын алкагында Орусия менен Грузиянын Кавказдагы согушунан кийин жаңы ыйкы-тыйкылык, кагылышуулар орун алды. Иш жүзүндө КМШ арасат, кандайдыр бир чачырап кетүүчүдөй абалда турат. Евразия экономикалык шериктештигинде болсо Өзбекстан мүчөлүгүн токтотту. Бул да кээ бир регионалдык долбоорлорго терс таасирин тийгизет. Борбор Азияда болсо суу, чек-арадагы талаш-тартыштар боюнча өз ара айыптоолор бул жылы көйгөйлөрдүн чоң топтомун жаратты жана эч ким азырынча аларды чечүү үчүн конкреттүү чараларды сунуш кыла элек. Демек бул жыл алдыга жылуунун эмес, бир орунду тебелөөнүн, айрым учурда артка кетүүнүн жылы болду дегенге кошулууга болот.

2008-жыл Борбор Азиянын ич ара кызматташтыгы үчүн эң начар жылдардын бири болду деген пикирлерге "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аймак боюнча эксперти Брюс Панниер да кошулат:

- Мен бул жыл Борбор Азиянын чөлкөмдүк кызматташтыгы үчүн мен эстегенден эң начар жылдардын бири болду деп айтар элем. Мунун себеби негизинен жалгыз Өзбекстанга барып такалат. Иш жүзүндө Өзбекстан бул жылы аймактык альянстарга катышууну, мен айтар, элем жакшы коңшу болууну каалабасын көргөздү. Казак президенти Борбор Азия союзунун жаңы формасын ишара кылып, Кыргызстан менен Тажикстан ага көнгөндөй болду эле, өзбек президенти буга бүгүн эле эмес, эртең да кызыкпасын, дегеле бул маселенин кайрадан көтөрүлүшүн каалабасын ачыктады. Эки тараптуу алака башка маселе, бирок алар (Өзбекстан) Борбор Азиянын кызматташтыгын жакшыртуучу аймактык уюмдун бир бөлүгү болгусу келбей жатат. Бул чоң көйгөй болчудай. Анткени Өзбекстан - Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн баары менен чектешкен жалгыз мамлекет.

Борбор Азиянын төрт өлкөсү менен катар Орусия жана Беларус кирген Евразия экономикалык шериктештигиндеги же ЕврАзЭстеги мүчөлүгүн Өзбекстан жыл соңунда – ноябрь айына барып токтотту. Эми жаңы жылда Өзбекстандын аскерий багыттагы түзүлүш - Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) чыгуу ыктымалдуулугу да жоромолдонууда. ЕврАзЭстен кеткенге чейин аяктаган жылдын апрелинде Казакстанда расмий сапар менен болгон учурунда өзбек президенти Ислам Каримов узактан бери айтылып келе жаткан демилге - Борбор Азия өлкөлөрүнүн союзу анын өлкөсү үчүн кабыл алынгыс экенин ачык эле айткан:

- Ар бир өлкө бул демилгеге ал кандай деңгээлде аймактын тигил же бул өлкөсүнүн кызыкчылыгына жооп берерине жараша аныктайт. Дароо эле билдиргим келет. Биз, Өзбекстан үчүн бул демилге кабыл алынгыс. Бул маселе боюнча чайкоочулуктар болбошу үчүн муну бир жолу жана биротоло айтып койгум келет. Эгер Кыргызстан мындай союзду Казакстан менен абдан эле түзгүсү келсе, менимче бул маселени эки өлкө гана чечүүсү керек.

Өзбек президенти апрелде Казакстанда болгон учурунда Ислам Каримов аймактык бирикмелерден майнап чыкпай жатканын да кошумчалай кеткен:

- 1998-жылы Борбор Азиянын экономикалык союзу түзүлгөн. Курамында башында үч өлкө бар эле, кийин Тажикстан кошулган. 2002-жылы Борбор Азиянын экономикалык союзу Борбор Азия шериктештигине айланды. 2005-жылы Борбор Азия шериктештиги да ишин токтотуп, ага кирген мамлекеттер Евразия экономикалык шериктештигине бирикти. Ушул он жылга эле байкоо салсак, биз муну басып өттүк, көп жыйындар болду, бул союзбу же шериктештикпи, аны жандандыруу боюнча көп калоолор, умтулуулар болду.

Ал эми ноябрда ЕврАзЭстин интеграциялык комитетине жолдогон катында, ал уюмдун ишинин натыйжалуулугунан күмөн санап, ага катар ЕррАзЭс өлкөлөрүнүн Орусия, Беларус, Казакстандын Баажы союзуна кирүү принциптерине макул эмес экендигин белгилеген болчу. Өзбекстандык саясат таануучу Ташпулат Юлдашев Өзбекстандын ЕврАзЭстен чыгуу себебин төмөнкү жагдайлар менен түшүндүрөт:

- Өзбекстан Түндүк Корея сыяктуу өзүн-өзү изоляциялоо жолунда бара жатат. Мындагы башкы себеп - Өзбекстандын экономикасы атаандаштыкка такыр жөндөмсүз. Себеби бюджетте отургандар же бюджетти жеген чиновниктер, товар өндүрбөгөндөрдүн жалпы саны ишке жарамдуулардын 60 пайызына чейин түзөт. Бул - катастрофалык абал. Өзбек элин иштегендердин 40%ы гана багууда. Мындай экономика менен өнүгүү мүмкүн эмес. Анткени эл аралык эсептөөлөр боюнча бюджетте отургандардын саны эмгекке жарамдуулардын 40 пайызына жетсе эле катастрофа деп саналат. Бизде экономиканын өнүгүүсү үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Анткени Өзбекстан - ашыкча борборлоштурулган, ашыкча диктаторлошкон, бюрократиялык, директивалык ыкмалар менен гана башкарылган өлкө.

Ал эми кыргызстандык саясат таануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде Борбор Азиядагы ич ара кызматташтыктын начардыгы үчүн жалгыз эле Өзбекстанды күнөөлөөгө макул эместигин айтты:

- Региондун өзүнчө союз түзгөнүн, региондун өзүнчө интеграцияланып кетүүсүн каалагандар аз чынында. Орусия ЕврАзЭс түзүлгөндөн кийин айтпадабы, баарыбыз бир союзда болгондон кийин Борбор Азиянын экономикалык союзунун эмне кереги бар деп, ал бирикме акырындык менен жоюлуп кетти. Анан эми Өзбекстанга келсек, өлкө президенти ЕврАзЭстин натыйжасыз уюм экендиги жөнүндө бир нече ирээт айткан. Андагы башка мүчө мамлекеттердин сунуштарын Орусия четке кагып жатпайбы. Маселе кыйла таталыраак. Өзбекстанды күнөөлөй коюш жеңил. Кээ бирөөлөр Өзбекстан дезинтегратор деген ат коюуп алып жүрүшөт. Мен буга макул эмесмин.

Суу Борбор Азиянын эң талылуу көйгөйү экени аяктаган жылы дагы бир жолу аныкталды

Көпчүлүк эксперттер суу көйгөйүн болочокто аймакта бириктире алуучу фактор катары аташат. Бирок аяктаган жылы Борбор Азия өлкөлөрү биринчи ирээт беш тараптуу, бирок бир жылга гана эсептелген келишимге кол койо алганы менен кызматташтыктын узак мөөнөткө белгиленген стратегиясы али көрүнбөгөндөй. Узак жана кыйын-кычыктуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 18-октябрда беш тараптуу келишимге кол коюлганда Кыргызстандын мурдагы энергетика министри Сапарбек Балкыбеков "Азаттыкка" буларды айткан эле:

- Бул биринчи жолу, союз урагандан бери биринчи жолу болуп жатат. Суу маселелери боюнча беш тараптуу макулдашууга биринчи жолу кол коюлуп жатат. Бул бир жылдык гана мөөнөткө. Быйылкы жылды өтөлү, анан кийинки жылды көрөбүз да.

Суу – энергетика маселелери, утурумдук беш тараптуу келишим кабыл алынганга чейин Борбор Азия лидерлеринин октябрдын башында Бишкекте, КМШ саммитинин алкагында өткөн жыйынында каралган эле. Тармактык жетекчилердин ага чейинки бир нече сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган.

Өзбек делегациясынын жыйын залынан чыгып кеткени да маалымдалып турду. Ал эми сугат кызыган июль айында Достук каналында суу басымы азайганына байланыштуу Казакстан Өзбекстанга кыжырданган телеграммасын жолдоого аргасыз болгон. Айтор суу башындагы өлкөлөр катары эсептелген Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык кризисти баштан кечирүүсү, андан улам суунун агымынын чектелиши, жайында сакталган чыңалган абал саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, 2008-жыл бул маселеде көпчүлүктүн көзүн ачкан жыл болду:

- Окумуштуулардын сууну товар катары карашыбыз, чогуу экономдоп пайдалануубуз керек деген сунуштарына саясатчылар, жетекчилер көп көңүл бурбай келди эле, быйыл алардын көздөрү жетти. Жаратылыштын бул байлыгын, калыбына келип туруучу булак болсо да, этияттап колдонбосо катострофалык абалга чейин жетип каларын түшүнүштү.

Суу-энергетика боюнча 2008-2009-жылга эсептелген келишимге биринчи ирээт Түркмөнстан да катышып, Тажикстан менен Кыргызстанга кошумча электр кубатын сатууга милдеттеме алды. Аймактык кызматташтыкка Түркмөнстандын аралаша баштоосун, саясат таануучу Орозбек Молдалиев аяктаган жылдын оң көрүнүшү катары баалайт:

- Түркмөнстанда бир топ үмүттөндүргөн иштер болуп жатат. Мурда нейтралдык мамлекетбиз деп жетекчиси Борбор Азиянын жыйындарына кээде келип, кээде келбей койчу. Азыркы президент буга активдүү катышып жүрөт. Түркмөнстандын саясаты өзгөрүп, аймактагы энергетикалык саясатка таасирин көрсөтө баштаганынын белгиси байкалат. Болочокто таасири мындан да көбүрөөк болот.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу боюнча кызматташтыгын жөнгө салуунун бир жолу катары биргелешкен концорциум түзүү жагы айтылып келет. Бирок бул демилгенин үстүнөн 2008-жылы деле алгылыктуу иш жүрө алган жок. Казак президенти Нурсултан Назарбаев апрель айында моюнга алгандай, буга кайра эле тараптардын бир пикирге келе албай жатканы түрткү берүүдө:

- Суу боюнча төрт, атүгүл беш тараптуу концорциум боюнча биздин мындай каалоо-тилегибиз азырынча болбой жатат. Анткени кайра эле биздин пикирлерибиз ар тараптуу.

Пикирлердин ар түрдүүлүгү демекчи, суу башында жайгашкан Кыргызстан, балким Тажикстан да суу товар катары сатылышына кызыкдар. Суунун төмөн жагындагы өлкөлөрдөн буга өзгөчө Өзбекстан каршы. Атүгүл Өзбекстан Арал деңизине куюлуусу Сырдарыя жана Амударыялардын башында Кыргызстан менен Тажикстан жаңы ГЭСтерди курушун да колдобойт. Өзбек Тышкы иштер министрлиги аяктаган жылдын октябрь айында эки коңшунун мындай пландарын айыптаган билдирүү менен чыкты. Жаңы ГЭСтердин курулушу чөлкөмгө коркунуч, суунун төмөнүндөгү өлкөлөргө экономикалык жоготуу алып келерин белгиледи.

Суу боюнча мунаса табуунун багыттарын аяктаган 2008-жылы чөлкөмдүк эксперттер менен расмий өкүлдөр Еврошаркет менен бирге өткөрүлгөн конференция жыйындардын алкагында да талкуулады. Еврошаркеттин Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кавказ үчүн Суу демилгеси боюнча жумушчу тобунун акыркы отуруму декабрда Ашхабадда өттү.

Казакстандык саясат тануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарнакташып иштөөсүнө тышкы саясатты аныктаган президенттердин ич-ара мамилелери өңдүү субъективдүү факторлордон тышкары объективдүү себептер да бар. Бирок акыр аягында аймакты суу көйгөйү гана чогуу-чараан иштөөгө мажбурлашы мүмкүн:

- Чынында эле региондун өлкөлөрүндө түрдүү экономикалык система өкүм сүрүүдө, тышкы саясий багытыбыз ар башка. Бул жердеги дагы бир чоң көйгөй - аймактагы өлкөлөр негизинен чийки зат өндүрүүчү экендигинде. Мунун баары кандайдыр бир деңгээлде биригүү жараянын татаалдаштырууда. Себеби Еврошаркеттин мисалы көргөзгөндөй, экономикалык өнүгүүсү жагынан тең мамлекеттер саясий эрк болгондо гана бириге алат. Мунун баары Борбор Азияда азырынча жок. Менимче, суу көйгөйү гана бизди бириктире алат деп ойлойм. Эгер айтылып жүргөндөй, суу-энергетикалык союз же концорциум түзүлсө, бул келечекте интеграциялык башка бирикмелердин түзүлүшүнө биринчи кадам боло алат.

Ал эми кыргызстандык саясат тануучу Орозбек Молдалиев биз менен маегинде аймакта интеграция алга жылуусун башка факторлор менен байланыштырды:

- Бизде интеграция жалаң эле жогорудан болуп жатат. Төмөндөн интеграциялык демилге жок. Ошон үчүн демократиялык жараяндар болуп, эл өзүнүн укугун биригип коргоп, күрөшмөйүнчө бизде интеграция ийгиликтүү болбойт.

Адистердин божомолдоруна караганда, дүйнөлүк каржы кризисинин таасирин Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы 2009-жылы даана сезет жана жыл 2008-жылдан да оор болушу мүмкүн. Мындай шартта аймаактык кызматташтык алдыга жылабы же артка кетеби, муну убакыт көргөзмөкчү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG