Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Кан жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу бар


Чукул кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүүсү боюнча Бишкек-Ош кан жолунун 120-137 жана 197-265-чакырымдарында бүгүн-эртең кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Мындан тышкары Ала-Бука –Чаткал жолунда да кар көчкү жүрүүсү мүмкүн. Аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу бир катар жолдор убактылуу жабылды. Алардын арасында Өзгөн-Алайкуу, Алай районундагы Гүлчө -Кабылан-Көл, Казарман-Акталчат жолдору бар. Автожолго түшкөн бийиктиги 1,5 метрлик кар көчкүнүн айынан Ош-Эркечтам, Ак-Терек –Папан –Кожо-Келен жолдорунда жүрүү оор болууда. Чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган жол участокторунда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG