Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Израил Газа тилкесинде ХАМАСка чабуулун уланта берерин убада кылды


Израилдин коргоо министри Эхуд Барак абадан урулган соккулар жетишсиз деп табылса, анда Газага аскер бөлүктөрү киргизилиши мүмкүн экенин бышыктады. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык үч күндөн бери Газа тилкесинде 340тан ашуун адам набыт болду, алардын 62си жайкын тургундар. Палестин тарап бир жарым миңден ашуун адам оор жараат алганын ырастоодо. Жекшемби күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Газадагы операцияларды тезинен токтотууну талап кылды. Резолюцияда тек гана жаңжалга катышкан тараптар деген аталыштар бар, конкреттүү эч кимдин, анын ичинде “Хамастын” жана Израилдин аты аталган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG