Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Мамлекеттик тил деген макам кагаз жүзүндө гана калууда


Мындай пикирин «Асаба» саясий партиясынын төрагасы Советбек Жамалдинов «Азаттыкка» таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынганына 20 жыл болду, бирок мамлекеттик тил тууралуу бир катар мыйзам, токтомдор кабыл алынганы менен иш жүзүндө жылыш жок. 2009-жылды мамлекеттик тил жылы деп жарыялоо менен мына ушул мыйзамдардын аткарылышы шартталса жакшы болмок, дейт «Асаба» саясий партиясынын төрагасы Советбек Жамалдинов.
«Асаба» саясий партиясы кечээ жаңы 2009-жылды «Кыргыз тилинин жылы» деп атоону президентке жана Жогорку Кеңешке сунуштаган. Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG