Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Газада кырдаал курчуду


Израилдин аскери авиациясы үч күндөн бери Газадагы мерчемдүү жайларга сокку уруп жатат. Операция маалында үч жүздөй киши набыт болду. “Хамастын” лидерлери палестиналыктарды Израилге каршы интифадага чакырууда.

Израилдин аскери авиациясы жекшемби күнү эки бутага – Газадагы ислам университети менен “хамасчылар” контролдогон ички иштер министрлигинин имаратына сокку урду. Аба жапырык маалында жайран болгондордун көбү “хамасчылар” дешет, бирок бөөдө өмүрү кыйылган адамдар да аз эмес сыяктанат.

Эл аралык Кызыл Крест уюмунун Иерусалимдеги өкүлү Анне-Софие Бонефелд ооруканаларга дары-дармек, медициналык жарак-жабдыктар жетишпей, жарадар адамдардын көбү кансыраган абалда жатышканын кабарлады.

Жекшемби күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Газадагы операцияларды тезинен токтотууну талап кылды.Резолюцияда тек гана жаңжалга катышкан тараптар деген аталыштар бар, конкреттүү эч кимдин, анын ичинде “Хамастын” жана Израилдин аты аталган жок.

Израилдин коргоо министри Эхуд Барак абадан урулган соккулар жетишсиз деп табылса, анда Газага аскер бөлүктөрү киргизилиши мүмкүн экенин бышыктады. ”Кармаша турган маал келди”,-деп айтты ал.

Министрлер кабинети резервден 6 миңдей жоокерди армияга чакырууну чечти. Премьер Эхуд Олмерт Газа тилкесиндеги операциялар тез арада бүтпөй турганын эскертти. “Түштүк чек араларда калк ракеталык соккулардын коркунучу астында жашай албайт, бул аймакта коопсуздук толук камсыз кылынмайынча операция токтобойт”.

Өз кезегинде “Хамастын” башкы идеологдорунун бири Халед Машаал “Ал-Жазира” телеканалындагы сөзүндө палестиналыктарды Израилге каршы “үчүнчү интифадага” үндөдү. “Хамастын” Газадагы өкүлү Фаузи Бархум бул жолку согуш “хамасчылардын” каршылыгын күчөткөнүн, Палестинаны коргоо үчүн керек болсо алар “шейитчилик” усулун –жанкечтилик ыкмаларын колдонууга даяр турушканын ырастады.

Израилдин Газадагы операциялары жалпы Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө да нааразылыктарды күчөттү. Тегеранда азан-казан эл катышкан демонстрация болуп өттү. Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеи мусулман өлкөлөрүн Израилди жазалоого чакырды.

XS
SM
MD
LG