Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

2008-жыл элдин эсинде караңгы жашоо менен калды


Жылды гезиттер да жыйынтыктап жатат. “Аалам” гезити бул санына бир катар коомдук ишмерлер менен саясатчылардын жаңы жылдык куттуктоосуна орун берген. Баяндамачы Бахтияр Шаматовдун жыл жыйынтыктаган макаласынын аты – “Кыргызстан 2008-жылда” деп аталат.

Анын “Президент” деп аталган бөлүгүндө К. Бакиевдин эң талуу, дооматтардан башы көпкө чыкпай турган жагы – кадр саясатынын өтө төмөн деңгээли, кызматтык жөндөмдүүлүгүнүн өтө пастыгы, көпчүлүк аткаминерлердин маселелерди чечкенге алсыздыгы белгиленген. Бирок деп кеп кылат автор, ушу тапта К. Бакиевдин бийлиги жетишерлик кубатка эгедер, эгер ичинен эле жарака кетип жарылбаса, сыртынан ага тиш салчу күчтөр байкалбайт.

Гезит ошондой эле айрым жарандарга кайрылып, өтүп бараткан жыл “эмнеси менен эсиңизде калды?” деп сураган. Академик Ж. Акималиев, быйыл айыл чарба министрлигинин айыл чарбасын алдыга жылдыра албагандыгы эсте калганын айтса, академик А. Эркебаев элдин эсинде караңгычылык, жарыксыз жашоо калганын, албетте акыры жарык да болорун, бирок Айтматов, Жумахматов, Айталиев, Абдиев, Сарлыкбеков, Садырбаевдин орду толбой тургандыгын айткан.

Ал эми ревкомдун башчысы А. Бекназаров бул жыл кыргыз эли үчүн президенттин “тезек тергиле” дегени эсинде калганын, бул сөз жылдын эле эмес тарыхтын көзүндө кала турган сөз болгонун, башка мамлекеттер өнүгүүнүн дүйнөлүк амалын издеп атса, кыргыз президенти өз элин орто кылымдагы тезек тергенге мажбурлаганын, муну менен элди коңшуларга да уятка ккалтырганын кеп кылган.

Андан ары гезит И. Кадырбековду – “жылдын туткуну”, К. Байболовду – “жылдын сак саясатчысы”, Н. Мотуев менен Т. Бакир уулунун саясый “баш кошушун” – “жылдын тандеми”, ЖК депутат У. Ормоновду – “жылдын казино ышкыбозу”, ишкер Ө. Абдырахмановду – “жылдын качкыны”, А. Мадумаровду – “жылдын таарынчагы”, Т. Тургуналиевди – “жылдын жанкечтиси” атаган. Гезит баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбеков, уй жылында уйдун төрт эмчегинин биринен түз эле – жарык, биринен көмүр, биринен акча, биринен балдар үчүн йогурт чыксын деп тилек тилеген. “Ааламдын” жаңырган жылдагы саны 13-январда чыгат.

Кийинки санынын 9-январда чыгарын кабарлаган “Ачык саясат” гезити 1-бетин экс-президент А. Акаевге жана анын шакирттери – азыркы президент К. Бакиев, Ф. Кулов, ЖК спикери А. Тагаевге жана саясатчы Ө. Текебаев, УТРКнын баш деректири М. Эшимкановго арналган азилдер менен ачты.

Гезит ички бетиндеги баш макаласын “Уйдун тезеги, буканын кезеги” деп атады. Автор, улутубузду уйдун жампасына зар кылган ушул жыл кандай жыл болду деп суроо таштап, кайра ага өзү жооп издеген. Кыргыз мамлекети үчүн чынында эле кыйын жыл болду. Авиакырсыктан – 65, жер титирөөдөн – 75 адам набыт болуп, криминалдашкан бийлик кризисти, жалганчы бийлик жакырчылыкты алып келди.

Анан бул жылы Ф. Кулов тандемдеши К. Бакиевдин колунан Ак үйдүн устуканына же машинага ээ болду. Ал эми сыртта агып жаткан сууларыбызга чейин уурдалып, суу башы болгон эл суусуз калды. Эми жаңырган жылда президент К. Бакиев 60 жашка толот. Мүчөл жылы. Гезит кабарчысы макаласынын аягында алгачкы ажо А. Акаев 60 жаштан ашары менен Ала Тоодон айдалып кеткенин эске салып, азыркы ажо да Акаевдин шакирттеринин бири, аны да эл айдап жибербес бекен, айтор тезекке зар болгон калк эми уйдун уйкусун качырган бука жылына бут таштады деп жазды.

Жыл мыктыларын белгилеген бетинде гезит айтылуу Азизбектин шакабаларын шардан кылды. Анда “жылдын мыкты кыймылсыз мүлкү” деген наамга ЖК депутаты Ч. Баекова татыса, “жылдын мыкты ратификациясы”наамына – казакка кеткен Каркыра жайлоосу менен 4 пансионат, “жылдын мыкты товары” белгисине – ТЭЦ, “Түндүкэлектр”тармагы жана “Бишкек жылуулук түйүнү”, “жылдын мыкты урааны” деген атакка президенттин “тезек тергиле” деген чакырыгы арзыган.
XS
SM
MD
LG