Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Кыргыз-өзбек тарап газдын миң кубун 250 АКШ долларына баалады


Алдын ала сүйлөшүүлөрдө ушундай макулдашууларга келди, - деп билдирди “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубан Мырзаканов “Азаттыкка”. Анын айтымында, “Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтыкеев баш болгон кыргызстандык делегация Өзбекстан менен жаратылыш газынын 1 миң кубометрин 250 АКШ долларынын өлчөмүндө сатып алууга макулдашканы менен дагы 20-30 долларга арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул боюнча өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов кечинде Ташкентке барат. Буга чейин өзбек тарап Кыргызстанга газдын миң кубун 300 АКШ доллардан сатууну сунушталганы маалымдалып келген. (AJ)

XS
SM
MD
LG