Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Исмаил Исаковго каршы кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура “Жаны Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковго каршы кылмыш ишин козгоду. Исаков иш оппозициялык ишмердиги үчүн козголгонун билдирүүдө.

2005-жылдагы ынкылаптан кийин Коргоо министрлигин жетектеп, президент Бакиев тарабынан мыкты министр катары бааланган Исмаил Исаков 10-октябрда Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан үч иштеп туруп кеткен эле. Кызматтан кетүүнүн себебин Исаков президенттин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместиги, энергетика тармагындагы кризиске жол берилгендиги менен байланыштырган.

Исаков кызматтан кеткенден кийин өкмөттүн структурасын өзгөртүү менен анын ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча сунуштарын бийликке берген. Бирок ага жооп болгон эмес. Андан ары Исмаил Исаков оппозиция катарына карай ыктап, жалпы оппозиция кирген Бириккен Элдик Кыймылдын түптөөчүлөрүнөн болду.

24-декабрда БЭК түптөлгөндөн кийин 30-декабрда Башкы прокуратура Исмаил Исаковду суракка чакырды. Суракта ага кылмыш иши козголгону кабарланганын Исаков билдирди:

-Менин үстүмөн прокуратура 12-декабрда иш козгоптур. Эки маселе боюнча, биринчи, Балыкчы гарнизонундагы аскер бөлүгүндө жоголгон, уурдалган техникалар жөнүндө. Экинчиси, атайын эсептеги каражаттарды туура эмес пайдаланган деп.

Исаков атайын эсептеги каражаттар 23-февраль, 29-май (Куралдуу күчтөрдүн күнү) , 8-март майрамдарга, расмий делегацияларды кабыл алууда мыйзам чегинде жумшалганын, ал эми Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө жоголуулар болсо, ага ошол жердеги командирлер жооп берерин кошумчалады.

Прокуратуранын тергөөчүсү Исаковдон шаардан чыкпоо тууралуу тил кат алган. Кылмыш иштин козголушунун максаты мына ошол болгон деп эсептейт Исаков:

-Албетте, эң башкы максаты мени эч кайда чыгарбоо, эл менен жолуктурбоо болуптур. Ошко барбасын, Жалал-Абадка барбасын, Баткенге барбасын деген ой менен атайын жасалган иш. Андан башка баа бере албайсың. Мен алардын койгон айыбына толугу менен макул эмесмин.Себеби биздин аткарган иштер мыйзам чегинде болгон. Коюлган күнөөну моюнга албаймын, деген Исаков козголгон кылмыш ишин саясий жана оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн Акүй тарабынан ага каршы жасалган аракет катары баалады .

Ал эми башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза Исаковго козголгон иш тууралуу мындай пикирин билдирди:

-Мен бир гана нерсени айта алам, адатта оппозициядагылар саясий мотив издей баштайт. Эч кандай саясий мотив жок. Жалпы мыйзамдык негизде сурак жүргүздүк. Жаңы жылдан кийин толук маалымат беребиз.

Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери Исмаил Исаковго козголгон кылмыш ишин ишин саясий максатта экенин билдирүүдө.

Маселен, “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев:


-Бул ишти саясий куугунтуктуктоонун жана басым көрсөтүүнүн бир үлгүсү катары карап жатабыз. Ал жерде көтөрүлгөн, коюлган айыптарга Исаковдун күнөөсү жок экени айдан ачык. Бул башка оппозициялык ишмерлерге козголгон кылмыш иштей эле –кылмыш иштин келечегине карабастан, жарым жыл, бир жыл кыйнап, кысым көрсөтүп турсак, калганын көрө жатаарбыз дегендей эле жалган кылмыш иши.

“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов:

-Албетте, бул саясий буйрутма. Өзүңөр билесиңер генерал Исаков министр кезинде президент тарабынан ыраазычылык айтылган, мыкты министр болгон убагында. Анан эми азыр оппозицияга өткөндөн кийин иш козгоп, болбогон нерселерди жабыштырууга аракет жасап жатыптыр. Мен ойлоймун козголгон иштин негизи жок болуш керек.




  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG