Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Д. Ошурахунова: Иш күндөгү шайлоо акыйкат болбойт


Президент К. Бакиев 28-декабрда Кыргыз Республикасынын айылдык округдарынын жана поселкаларынын башчыларын шайлоону дайындоо тууралуу жардык чыгарганы кабарланды. Шайлоо 19-23-январда, тагыраак айткандай иш күңдөрү жүрөт. Шайлоонун иш күндөргө дайындалышы демократияга төп келбейт деп эсептеп жаткан тараптардын бири “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова болууда.

- Айтсаңыз, чынында айылдык округдук, поселкалык башчыларын шайлоонун иш күндөргө төп келиши сизди эмне чүн тынчсыздандырып жатат?

- Биринчиден, биз айылдык поселкалык округдардын башчыларын жаңы конституция боюнча азыр шайлабайбыз. Жаңы конституция боюнча аларды жергиликтүү кеңештер шайлайт. Бул өзүбүздүн жарыябызды биздин шайлоо кодексине киргизилген өзгөрүүлөр тууралуу айтып атабыз.

Өткөн 25-декабрда Жогорку Кеңеш жаңы өзгөрүүлөрдү шайлоо кодексине киргизишкен. Ошол боюнча азыр маркировканы алып салышты, андан тышкары шайлоо күндү иш күндөрүндө өткөрөбүз деген оңдоолор киргизилди. Биз ошол боюнча өзүбүздүн пикирибизди билдирдик.

Маркировка жөнүндө айтпай деле коелу, анткени азыркы шайлоо системада маркировка деле жардам бербейт. Себеби бүт бузуулардын баары шайлоо участкасынын ичинде болуп атат. Биз шайлоону иш күнү өткөрүп аткан боюнча өзүбүздүн тынчсыздануубузду билдирип атабыз.

Анткени биз билип атабыз бүт шайлоо контролго алынып атат, азыртан эле президенттик шайлоого бийлик даярданып баштады. Ошон үчүн ушундай өзгөрүүлөрдү киргизип атат. Бул өзгөрүүлөр жөнүндө биз билген да жокпуз. Өзүнчө талкуулоо болгон, суроолор берилген. Бирок ушундай өзгөрүүлөр кирет деп бизге комитетте отурган Курманов, Молдошева сыяктуу депутаттар айткан да жок. Биз ал өзгөрүүлөрдү кабыл алынгандан кийин билип атабыз.

- Бул өзгөрүүлөрдү иш күндөргө киргизүүнүн өзү административдик кийлигишүүлөр түздөн түз болот деген тынчсыздануу жаратып жатабы?

- Албетте, анткени эгерде биз атайын демалыш күнү ар бир адам мен бул шайлоого катышам, же катышпайм деп өзү чечиши керек. Азыр болсо өкмөттүн жумушунда отургандардын баарын тизип алып алып келип атышпайбы участкага. Ошондой эле процесс болот деп биз түшүнүп атабыз. Анткени иш күнү ким барат шайлоого.

Албетте мамлекеттик кызматкерлерди чогултуп алып алып барып турат. Ар бири салаңдап басып жүрбөсүн, баарын чогултуп эле участкага жеткирип коебуз деп, керек болсо график түзүшөт алар. 8-9 га чейин салык полициясы, 9-6 га чейин 63-мектептин мугалимдери келип шайлап кетсин деген.

- Динара айым, ошол эле учурда бир суроо туулуп атат, жекшемби күндөрү өткөн шайлоолордо деле мыйзам бузуусуз, шайлоолор кынтыксыз добуш берүүлөр өттү деген деле кепилдиктер жок болуп атпайбы буга чейинки тажрыйбага караганда?

- Биз негизи эл аралык стандарттарды ратификациялаганбыз. Ошол боюнча биз айтканбыз, биз өзүбүздүн өлкөбүздө ачык, акыйкаттуу, адилет шайлоо өткөрөбүз деп. Аларга ушундай эркин көргөзүшкөн.

- Ушул жагдайларды жөнгө салыш үчүн Кыргызстандын шартында эмне кылуу керек. Мисал үчүн сиздер БШКны реформалоо аркылуу кандайдыр бир мыйзамдуу аракеттерге жетишибиз мүмкүн деген нерсени айтып аттыңыздар эле. Кайсы өңүттө реформаланыш керек эгерде БШК реформаланса?

- Эгерде биздин сунуштарды укса биз айтат элек, эң биринчиден барьерлерди алыш керек. Андан тышкары БШК кайрадан реформаланышы керек.

Азыр БШКны “Ак жол” партиясынын адамдары түзүп атат, көз карандысыз БШК болбой калып атат. Ошон үчүн Конституцияга өзгөрүү киргизип туруп, аны эл жарандык коом катары конкурс өткөрүп, анан эң мыктыларын тандашыбыз керек өзүбүз. Тандагандарды президентке же Жогорку Кеңешке биз сунуштагандан кийин, Жогорку Кеңеш ошол жерден кабыл алыш керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG