Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Исаковго козголгон кылмыш иши – саясий куугунтук


Мындай пикирин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын ою боюнча Исмаил Исаковго мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп турган учурда эмес, оппозициянын катарына өткөн соң мындай кылмыш иш козголуп жатышы буга далил болуп турат. “Бийлик оппозицияны ооздуктоо үчүн ар кандай жолдорго барат.Бирок минтип ар бир оппозиционерге кылмыш ишин козгоп, куугунтуктоонун арты кандай болорун бийлик жакшы билет,” дейт саясат талдоочу.
Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковго каршы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Кечээ суракка чакырылган Исмаил Исаковдон Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Бишкек шаарынан эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат жаздырып алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG