Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Коррупцияга каршы кыймыл эми башкача аталат


Ал Коррупциялык системага каршы күрөшүү – Элдик патриоттук революциялык кыймыл (КСККЭПРК) болуп түзүлдү. Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери Назарбек Нышанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мурдагы Коррупциялык кыймылдын күчү менен президент Курманбек Бакиевге импичмент жарыялоо үчүн 120 миң адамдын колу топтолду. Ал ошондой эле КСККЭПРКнын максаты, өлкөдө коррупциялык-капиталисттик системаны жоюу, легитимсиз Конституция менен келген Бакиевдик парламентти таркатуу, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Сох, Советабад сыяктуу жерлерди саткандарды, Аксы элин аткандарды жазага тартууну көздөөрүн кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG