Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

ИИМ: Бишкекте жаңы жылга караган түн тынч өттү


Ички иштер министрлигинин күзөт бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиршкендей, 31-декабрдан 1-январга караган түнү шаар ичинде эч кандай кылмыш катталган жок. Майрам күндөрү коомдук тартипти төрт жарым миңге чукул милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышууда. Милиция кызматкерлеринин күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу жаңы жылдык эс алуу күндөрү бүткөнгө чейин, 12-январга чейин уланмакчы. Тартип сакчыларына жардам көрсөтүп коомчулуктун өкүлдөрү да чыгат. Алар жергиликтүү администрациялардын, партиялардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик дружиналар, студенттер. (MSu)

XS
SM
MD
LG