Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

31-декабрь: Тарых барактары


1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган. Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөөрмандары үчүн эшигин ачты.

Кыргыз урууларынын арасында орун алган араздашуу айынан, Ысык-Көлдү жердеген бугулар XIX кылымдын экинчи жарымынын башталышында Россия империясынын курамына кирүүнү өтүнүп падышага кайрылууга мажбур болушкан. Анткен менен Батыш Сибирь бийлиги бул маселеге анча ашыга берген эмес.

Батыш Сибирь генерал-губернатору 1853-жылдын 31-декабрында империянын Тышкы иштер министрдигине жолдогон катында, алар менен кызматташуу канчалык пайдалуу болсо да, кыргыздардын өтүнүчүн кабыл алуу мүмкүн эместигин белгилеген. Кашгарга кетчү соода жолу кыргыздардын конушу аркылуу өтөөрүнө карабастан, генерал-губернатор алардын өтүнүчүнүнө оң жооп берген эмес. Анын ордуна ал Россия империясынын курамына мурда кабыл алынган Улуу жүз казактар менен ынтымакта болгула деп, бугу уруусуна эскертүү жолдогон.

Совет бийлиги Кыргызстанда орногондон кийинки адегендеги жыйынтыктар, 1920-жылдын бул күндөрү чыгарылган. Революциялык будуң-чаңдан соң Пишпек уездинде малдын саны үч эсеге азайып, айдоо аянттары эки эсе кыскарган. Буудайдын баасы болсо 25-30 эсеге көтөрүлгөн.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки экономикалык кыйынчылыкка карабастан жарык көргөн гезиттердин саны арткан. 1920-жылдын соңунда чыгарылган жыйынтыкка ылайык Кыргызстан аймагында бир канча маалымдоо каражаттары коомчулук керектөөсүн канааттандырып турган.

Пишпек шаарында «Красная знамя», Токмокто «Вестник», Пржевальскиде «Голос пролетариата» гезиттери чыгарылган. Ал түгүл, Пишпек шаарында биринчи жолу «Юный пролетариат» аталыштагы журнал-гезит жарык көрүп турган.

Белгилүү коомдук ишмер М. В. Фрунзенин Москва ооруканасында белгисиз жагдайда каза болушу коомчулуктун тынчын албай койгон эмес. Пишпектик интеллигенция болсо, полковдец жердешин эскерүү максатында 1925-жылдын бул күндөрү Кыргызстандын борбору Пишпек шаарында М. В. Фрунзеге арналган музей ачуу туурасында талкууну баштаган. Ошентип белгилүү саясатчылар менен илим адамдары М. В. Фрунзенин киндик каны тамган тамды аныктоого киришкен.

Фрунзе шаарынын тургундары 1928-жылдын бул күнү квартира төлөмдөрүнүн көтөрүлгөндүгү туурасында маалымат алышты. Эгер, жыл башындагы квартира төлөмүнүн квадрат метри 39 тыйын болсо, жыл соңунда анын акысы 60 тыйынга көтөрүлгөн. Жаман өнөкөт жерде калмак беле дегендей, коммуналдык кызматтын «өрнөгү» Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдигине да таасир тийгизип, алардын шаардыктарга көрсөткөн кызмат акысы да кыйла арткан.

Фрунзе шаардык бийлиги 1938-жылдын бул күндөрү борбор калаанын тротуарларында лыжа, коньки тепкендерге каршы чара көрүп баштады. Шаардык бийлик чыгарган чечимде тротуарларда лыжа, коньки тепкендер шаар тургундарынын эркин басышына тоскоолдук келтирип, айрым убакта жаракат алдырып жатканы белгиленген.

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узак убакытка уланган реставрациялык иштен кийин 1973-жылдын бул күндөрү тарых күйөөрмандары үчүн эшигин ачкан.

Тарых музейи ал кезде эски имаратта орун алып, эмнегедир шаардык бийликтин тарыхый эстеликке айланган имаратты оңдоого колу жеткен эмес. Акыры, тарых музейине айланган мурдагы өкмөт үйү 1973-жылы реставрацияга алынып, анын ичи-тышы ирээтке келтирилген. Имараттын чатырына купол орнотулуп, ал музейге тарыхый түс берген. Музейге коюлган жаңы экспонаттардан, арча табыттагы мумия жесити көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.

СССР Соода министрдигинин буйругуна ылайык Фрунзе шаарынын магазиндери 1949-жылдын 31-декабрында кечки саат 22.00, азык-түлүк дүкөндөрү болсо 24.00 убакытка чейин иштешкен.

XS
SM
MD
LG