Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

2-январь : Тарых барактары


1789-жылдын 2-январында Абдрахман Кучаков баштаган кыргыз элчилиги Омск шаарына келген. Полковник Меллер-Закомельскийдин жазалоочу отряды 1876-жылдын 2-январында Чулма жана Медресе афтобачи кыштактарын басып алган.

Россия империясы менен кыргыздардын саясий байланышы XVIII кылымдын экинчи жарымынан тарта калыптанып, аны андан ары өнүктүрүүгө маселесине келгенде эки тараптын тең кызыкдар экендиги ачык байкалбай койбойт.

Кыргыз калкынын улук бийи Атаке баатыр жабдыган элчилик 1784-жылы Кыргызстандан чыгып, Омск-Петропавловск-Челяба, Екатеринбург-Москва аркылуу Санк-Петербург шаарына келип, орус бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу мамилени жөнгө салуу тууурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүшкөн.

Кыргыз элчилери: Абдрахман Кучаков, анын уулу Сатынбай жана Шергазылар кайра мекенине кайтканда аларды расмий бийлик өкүлдөрү коштоп, 1789-жылдын 2-январында кыргыз элчилиги Омск шаарына келген. Бул жерден Абдрахман Кучаков элчилик ийгиликтүү аяктагандыгын билдирип Атаке баатырга кат жолдогон.

Пулатхан баштаган кыргыздардын XIX кылымдын экинчи жарымындагы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү, падышалык бийликке да зыян келтирээрин туйган аскер аналитиктери козголоңчуларга сокку уруу планын иштеп чыгышкан. Генерал-майор М. Д. Скобелев 2800 аскердик жазалоочу отряд топтоп, козголоңчуларга каршы аскер операциясын баштаган.

Полковник Меллер-Закомельский жетектеген жазалоочу отряд 1876-жылдын 2-январында Чулма жана Медресе афтобачи кыштактарын басып алган. Жазалоочу отряд эли качып бош калган Медресе афтобачи кыштагын өрттөп жиберген.

Совет мезгилинин башталыш мезгилинен тарта кыргыз тилин калыптандыруу жана өнүктүрүү багытында кыйла маанилүү иштер жасалган. Алардын бири жана маанилүүсү да, 1930-жылкы араб тамгасын латын графикасы менен алмаштыруу реформасы болгон. Мындан улам, 1930-жылдын 2-январында жарык көргөн маалымдоо каражаттары кыргыз адабиятын толугу менен латын тамгасына которуу сааты келгендигин жазып чыгышкан.

Ысык Көлдүн Семенов капчыгайында орун алган лыжа базасы 2003-жылдын 2-январында салтанат менен ачылган. Лыжа базасы Ысык Көлдөгү туризмди өнүктүрүү максатын көздөп, анын курулушуна мамлекет эле эмес, жеке ишкерлер тарабынан да колдоо көрсөтүлгөн. Мындан улам, салтанатка катышкан Кыргызстан президенти А. Акаев, туризмди «ашар» жолу аркылуу да эл аралык деңгээлге көтөрсө боло тургандыгын белгилеген.

Бул күнү, 1635-жылы кардинал Ришелье француз Илимдер Академиясын негиздеп, 1839-жылы француз фотографы Луи Дагер биринчи болуп Айды сүрөткө тартып, 1822-жылы немец физиги, термодинамиканы ачкан Рудольф Клаузис, 1880-жылы советтик конструктор Василий Дегтярев, 1920-жылы атактуу фантаст Айзек Азимов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG