“Тажикгаз” мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Фатхиддин Мухсиддинов “Азаттыкка” маалымдашынча, Тажикстан Өзбекстанга миң куб метр газ үчүн 240 доллар төлөөгө макул болду. Өткөн айда тажик бийлиги 12 миллион доллар карызын төлөөдөн баш тарткан соң, Өзбекстан Тажикстанга жиберген газдын көлөмүн кыскарткан.