Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Хизб-ут-Тахрир партиясынан келген чакыруу -бийликтин жасаган чагымы


Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Бакыт Бешимов “Азаттыкка” билдирди. “Эки айдан бери бийлик бизге катуу тоскоолдуктарды жасап, бут тосууларды уюштуруп келатат. Бул жолу да оппозиция мүчөлөрүн элге эптеп жаман көрсөтүү максатында, бийликтин уюштурган иши,” дейт депутат. Жаңы жыл алдында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын чет өлкөдө өтүүчү жыйынына катышуу тууралуу депутатка чакыруу келген. Эч кандай дареги, мөөрү жок белгисиз конверттерге салынып келген, кыргыз жана орус тилдеринде жазылган чакыруу Жогорку Кеңештин жалпы каттар бөлүмү аркылуу депутаттын колуна тийген. Бакыт Бешимов ошол замат муну чагым деп таап, кат кайдан, кандайча жол менен парламентке келип калуусун иликтөө талабы менен ЖКнын коопсуздук комитетине жана Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылган.
Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик Хизб-ут-Тахрир партиясынын жыйынына чакыруу жыл тогошор алдында Социал-демократтар партиясынын парламенттеги дагы бир мүчөсү Роза Отунбаевага да келген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG