Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Президент өз администрациясынын ишине канааттанбайт көрүнөт


Мындай пикирин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда стратегиялык талдоо жана баа берүү институту ХИПИК тууралуу, азыркы каржылык кризис тууралуу бир жыйынтыгын коомчулукка чыгарып бере алган жок. Тескерисинче алар ири идеяларды иштеп чыга турган чоң бир борбор болушу керек эле, бирок мындай боло албай жатат. Буга биринчиден институттун жетекчисинин бат-баттан алмашып кетип жатканы себеп, деген пикирин билдирди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка”. Анын айтуусунда стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институтту стратегиялык талдоо жана баа берүү институту деп өзгөртүүдөн пайда жок. Атын өзгөрткөн соң, затын да өзгөртүп, кадрдык саясатты түп-тамырынан бери башка нукка буруу керек, дейт саясат талдоочу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG