Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орун басары Мамбетасан Ибраевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, 42 адамдан турган зыяратчылардын акыркы тобу Кыргызстанга бүгүн келет деп күтүлүүдө. Бирок ажылык сапарга аттангандардын мекенине кайтып келиши аба-ырайына көз каранды. “Мен азыр зыяратчыларга чалып жатам, бирок телефондору албай жатат. Бүгүн келет деп күтүп жатабыз, бирок азырынча так маалымат жок”, дейт Мамбетасан ажы Ибраев. Маалыматка караганда, 2008-жылы Кыргызстандан ажылык сапарга Меккеге төрт жарым миңдей зыяратчы барып келген. Алардын жетөө Меккеде көз жумуп, сөөктөрү ошол жерге коюлган. (MSu)