Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Орус-украин газ чатагы ырбоодо


Орусиядан Украина аркылуу келүүчү газдан пайдаланган Евробиримдиктин бир нече өлкөсү түтүктөрдө газдын көлөмү азайып кеткендигин билдиришүүдө. Андан баарынан да Румыния көп жапа тартканы айтылууда.

Бул өлкөлөрдүн тургундары канткен менен кыштын кыраан чилдесинде дароо эле көгүлтүр отсуз калышпайт, анткени алардын ири көлөмдө сактап койгон газы бар.

Газдын басымы Орусия Украинага газ жиберүүнү токтоткондон кийин 2-январ, жума күнү түшө баштады. Москванын ырастоосунда, Украинанын мамлекеттик Нафтогаз компаниясы Европага делген газды алып коюп жатат.

Газпромдун маалымат катчысы Сергей Куприяновдун айтымында, Нафтогаздын өкүлдөрү 21 миллион куб метр транзит газын алып жаткандыгын мойнуна алган. "Украин тарап газ уурдап жатканын уялбай-этпей эле айтууга жатат", - дейт Купрянов.

Жаңы жылдан тартып Орусия Украина аркылуу өткөн газ түтүктөрү аркылуу Европага сатылуучу көлөмдү гана жибере баштаганын жарыялаган. Өз кадамын Москва Киевдин 2009-жылы дүйнөлүк баада газ алууга макул болбогондугу менен түшүндүргөн. Украин өкүлдөрүнүн сөзү боюнча, Москва газ үчүн быйыл былтыркыдан эки эседен да ашык акы сурап жатат.

Учурдагы газ кризиси 2006-жылдагы окуяларды эске салууда. Анда да Орусия жаңы жылда газ берүүнү токтоткондон кийин, Европага газ жиберүү кыйла төмөндөп кеткен. Бирок ал ирет кризис узакка созулган эмес. Москва менен Киев 4-январда эле жаңы келишимге кол коюшкан.

Европа Биримдиги быйыл да кризис тез арада токтойт деп үмүттөнүүдө. Орус газы Биримдиктин керектөөлөрүнүн төрттөн бирин канааттандырат. Ошол эле убакта Австрия сыяктуу өлкөлөр баш-оту менен орус газына көз каранды.

XS
SM
MD
LG