Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:48

Владикавказдын мурдакы мэри киши колдуу болуп өлдү


26-ноябрда Владикавказдын мэри Виталий Караевди алыстан атып кетишкен.

26-ноябрда Владикавказдын мэри Виталий Караевди алыстан атып кетишкен.

Владикавказда 31-декабрда шаардын мурунку мэри Казбек Пагиев киши колдуу болуп өлдү. Түндүк Осетия ИИМ жетекчисинин орун басары Сослан Сикоев билдиргенге караганда, ок жеп өлүшкөн Пагиев менен анын шофери машиненин ичинен табылган.

Түндүк Осетия башкы шаары Владикавказда 26-ноябрь күнү калаанын мэри Виталий Караевди кимдир бирөөлөр огу ыраак тийчү мылтык менен алыстан туруп атып кеткен.

Кылмышты иликтеп аткандар анын кызматына тийиштиги бар деген божомол айтышууда. Ага дейре шаар башчы болуп, 2008-жылдын февралына дейре Казбек Пагиев иштеген.

31-декабрда Пагиевди кимдир бирөөлөр ал үйүнөн чыгып машинесине отурар замат атып кетишкен.

Түндүк Осетия жумуриятынын президенти Таймураз Мамсуров ИТАР-ТАССка айткан жообунда өкүмөттүн жаңы орун басарларын дайындаган указда Казбек Пагиев жок деген.

Ошондон улам анализчилер анын 30-декабрь күнү өкүмөт жетекчисине орун басарлык кызматынан четтетилгенин божомолдошот.

Андан төрт күн мурда жаңы шаар башчы В. Караевди атканга тийиштиги бар деп беш киши кармалган. Ал жолу жумурият милиция жетекчисине орун басар Сослан Сикоев жаңы шаар башчынын киши колдуу болушу мурдагы шаар башчы Пагиевдин ишмердигине байланыштуу деген.

Кайсы бир талдоочулар мындай кадамдардын артында шаар бюджетин талашуу жатат дешет. Андай ойго кошулуп-кошулбаган анализчи Иван Сухов: «Бул эки киши өлтүрүү бири-бири менен байланыштыгы жок болгон күндө да кимдир бирөөлөр из жашыруу үчүн күбөлөрүн жок кылып аткандай сезим бар» - дейт.

Кызык жери, «Время новостей» Караевдин өлүмүнө байланыштуу жазган макалада «Өзүнөн мурдагы админстрация Владикавказ калаанын чегинен кесип берилген жерлерди кайра козгогону анын өлүмүнө себепкер болду» - деп жазат.

Ошол эле жерде аталган гезит: "Кандай болгондо да бул маселе федералдык бийлик кызыкчылыгындагы иш. Орусия 26-август 2008-жылы Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныгандан кийин ага да Москва кызыкчылыгы таркатылат",- деп жазган.

«Осетинское радио и телевидение» сайты жазганга караганда дегеле ишкерлердин көзүн тазалоо адатка айланган кез. 2007-жылдын 11-апрели күнү үч киши өз короосунда турган ишкер Владимир Санакоевди атып кетишти. 2008-жылдын 18-апрели күнү Москвага иш менен барган «Салют» компаниясынын жетекчиси Олег Гиоевди атып кетишти.

XS
SM
MD
LG