15-январда Бишкекте жаштарды иш менен камсыз кылуу жана жалпы эле жумушсуздук маселесине арналган жыйын өтөт. Иш-чараны жогорку окуу жайлардын EdNet ассоциациясы уюштурууда. Жыйынга Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитети, ЖОЖдордун, ири компаниялардын өкүлдөрү катышат. Иш-чарада жаштар арасындагы жумушсуздук, аларга кесип тандоодо туура багыт берүү маселеси каралат. Бул тууралуу EdNet ассоциациясынан “Азаттыкка” кабарлашты. (AiJu)