Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

А.Жекшенкулов: Быйыл өлкөдө чоң саясий акциялар башталышы мүмкүн


Мындай пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Саясатчынын айтымында, 2008-жыл бийлик үчүн да, оппозиция үчүн да татаал жыл болду. Ошентсе да оппозиция өз максатына жете алды. Мындай максаттардын бирин А.Жекшенкулов оппозициянын өлкөнү өнүктүрүүнүн концепциясын, атайын программаны иштеп чыгышы, оппозициянын бириккендиги деп белгиледи. “Элдин турмушу, жалпы саясий –экономикалык абал начарлап баратат. Ал эми бийлик чара көрбөстөн, өз бийлигин сактап калуунун амалын ойлоп, коруктуп-үркүтүүгө өттү. Кыргыз эли чыдамкайлык кылып келди, бирок быйыл чоң саясий акциялар башталышы толук ыктымал. Нааразы элди токтотуу мүмкүнгө турбай калат”,-дейт А.Жекшенкулов. Ошондой эле А.Жешенкулов оппозициянын быйылкы жылга белгиленчү кадамдары 8-январда Бириккен элдик кыймылдын жыйынында талкууланарын кошумчалады. (MSu)

XS
SM
MD
LG