Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Т.Акун: 2008-жылы адам укуктары жаатында кемчиликтер көбүрөөк болду


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Омбудсмендин белгилешинче, өткөн жылы жарандардын эркин чогулууга болгон укуктары чектелди, ошону менен катар саясий оппоненттерди куугунтуктоо, сөз эркинидигин кысымга алуу күчөдү. Ал эми жетишкендиктердин бири Т.Акундун баамында, Кыргызстандын кыйноолорго каршы факультативдик протоколого кол коюшу, Акыйкатчы институту тарабынан адам укуктарын коргоо боюнча стратегиянын иштелип чыгышы болду. Ошентсе да айрым укук коргоочулар кыйноолорго каршы факультативдик протоколого президент кол койгону менен , ал кагаз жүзүндө гана калганын айтышууда. (MSu)

XS
SM
MD
LG