Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Февралда Кыргызстанда Санта-Клаустардын Эл аралык фестивалы өтөт


Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Мамашевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 5-8-февраль күндөрү өтүүчү аталган иш чарага 40дан ашуун өлкө чакырылып, бүгүнкү күндө 18 мамлекеттин өкүлдөрү өз макулдугун беришти. Санта-Клаустардын фестивалынын ачылыш аземи 6-февралда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Анда дүйнө мамлекеттеринен келген Аяз аталар, кыргызстандык балдар жалпы дүйнөгө согуштарды токтотууга, ачарчылыкка каршы күрөшүүгө үндөгөн, ынтымакка чакырган кайрылуу жолдошмокчу. Т.Мамашевдин айтымында, иш чаранын алкагында чет жактан келген конокторду Көлдүн күңгөй жана тескей жээктерине алып баруу пландаштырылууда. Белгилей кетчү жагдай, ар бир мамлекеттен келген Аяз атаны ошол жердин улуттук массалык маалымат каражатынын өкүлү коштоп жүрмөкчү. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG