Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

К.Акматовдун романы англис тилинде жарык көрөт


Белгилүү жазуучу Казат Акматовдун “Архат” аттуу романын Улуу Британиядагы Блейк Фридман деген Адабият жана телевизиондук агенттик чыгарган жатат. Аны англис тилине белгилүү котормочу Елизабет Адамс которду. Аталган агенттик жазуучунун бул чыгармасын басып чыгаруу укугун Москвада өткөн “Библиообраз-2007” деген эл аралык фестивалда жеңип алган. Ага чейин бул чыгарма орус тилинде Москвадан эки жолу чыгарылып, 5 миң нускасы Орусиянын мектептери менен жогорку окуу жайларына таратылган. “Московский парнас” басмасы экинчи жолу басып чыгарган 2 миң нуска китептин бетачары жакында Кыргыз-Славян университетинде өткөрүлөт. К.Акматовдун “Эрика Клаустун 13 кадамы” аттуу жаңы романы да англис тилине которулду. Азыр “Матриархат” романын аяктап калды. Мындай маалымат жазуучунун өзүнөн алынды.(BD)

XS
SM
MD
LG