Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

БЭКке кирген саясатчылар кеңеш курушту


Бүгүн Бирдиктүү элдик кыймылга кирген саясий партия жана кыймылдардын лидерлери чогулуп, жыл жыйынтыгын чыгарышты. “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, анда Улуттук кеңештин 8-январдагы жыйынында карала турган маселелер такталып, өлкөнүн учурдагы экономикалык-социалдык абалы талкууланды. БЭК 8-январдагы жыйынында кыймылдын алдында турган милдеттерди аныктап, аларды ишке ашыруу жолдорун тактайт. А.Жекшенкуловдун билдирүүсү боюнча, учурда БЭКке кирүү ниетин билдирип өзгөчө жаштар менен карылар көп кайрылып жатышат. Бирок азырынча башка саясий партиялардан кыймылга кошулуу сунушу түшө элек. Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын төрагасынын орун басары Ажыбай Калмаматов “Азаттыкка” оппозициянын бул аракетинен эч нерсе чыкпайт, себеби бир лидерди тандай алышпайт жана бир максаты жок деп билдирди. Депутаттын пикиринде, аны нааразылык акциясын өткөрөбүз деп улам бир күндү белгилеген менен аны ишке ашыра албай жатканы далилдеп турат.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG