Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жаңы жылда Москвада кыргыз жарандарын дагестандык адам өлтүрдү деп шектелүүдө


Мындай маалыматты Кыргызстандын Москвадагы элчилиги таратты. 31-декабрдын түнүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Дастан Мамазаиров менен анын Орусия жарандыгын алган агасы Сталбек Мамазаиров Москва шаарында бычак жеп каза болушкан. Түн ортосунда тамак-аш алганы дүкөнгө чыккан бир туугандар менен бир нече адам чырдаша кеткенде аларга Дагестандын тургуну Рустам деген адам бычак урган деп шектелүүдө. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылып, азыр шектүү адам изделүүдө. Ал эми каза болгондордун сөөгү кечээ Ош облусуна жөнөтүлгөн. (BD)

XS
SM
MD
LG