Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Президент христиандарды Ыйсанын туулган күнү майрамы менен куттуктады


Президент Курманбек Бакиев бүткүл дүйнө христиандары адамзаттын түбөлүктүү баалуулугу - айкөлдүк, адамды сүйүү, бирөөнүн кайгысын тең бөлүшүү, кечиримдүү болуу жана түшүнүүчүлүктү сактоо үмүтү менен майрамдачу Ыйсанын туулган күнү майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, дүйнөгө эки миң жылдан ашуун мезгилден бери жарык чачып келген Вифлеем жылдызы жек көрүүчүлүк, душмандык жана зомбулукту жок кылууга жардам берет деп ишенээрин билдирген. Кыргызстандагы ортодокс христиандар Христостун туулган күнүн 7-январда белгилешет жана бул күн өлкөдө расмий түрдө майрам күн деп жарыяланган. Ал эми кыргызстандык католиктер менен протестанттар бул майрамды өткөн айда белгилешкен. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG