Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Израил Газа тилкесиндеги согушун күч алдырууда


Израилдин Газа тилкесине чабуулу экинчи жумага аяк басты. Бир жума тилкени абадан бомбалаган израил армиясы ишембинин кечинде Газага танктар менен басып кирди.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде Кошмо Штаттары бул жаңжал боюнча билдирүүгө каршы чыгып, ал кабыл алынбай калды. Анын аралыгында Европа Биримдиги, Орусия аймакка өз чабармандарын жөнөтүшүүдө. Израил Газадагы согуш операциясы жакын арада бүтпөй тургандыгын эскертип жатат.

Жекшембиде Израилдин армиясы Газа тилкесинин бир нече жеринен жырып кирип, деңизди бойлой узатасынан жайгашкан аймакты кап ортосунан экиге бөлүп салды. Дүйшөмбүгө караган түнү израил учактары Газада Хамас уюмунун 30 чакты бутасын бомбалады. Израилдин коргоо министри Эхуд Барак Газа шаары жарым-жартылай курчоодо экендигин билдирүүдө. Апта соңунда министр израил элине кайрылуу жасап, Газа операциясы жакын арада бүтпөй тургандыгын эскерткен.

Палестин тарап Газада гуманитардык кризис тереңдеп жаткандыгын кабарлоодо. Палестиналык башкы арачы Саеб Эрекат Ал Арабия сыналгысына буларды баяндады:

- Газа гуманитардык катастрофага туш келди. Газада 1 жарым миллион киши жашайт. Бир чарчы метрге алты киши туура келет. Алар азыр таза суусуз, дары-дармексиз, электр жарыгысыз калышты.

Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Тзипи Ливни Йерусалимде гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Хамаска каршы операциянын мезгилинде палестин калкынын жашоосун жеңилдетүү үчүн бул уюмдар менен иштешүү нийетин билдирди. Согуш экинчи жумага киргенде дипломатиялык аракеттер да жандана баштады.

Франциянын президенти Николя Саркози Жакынкы Чыгышка аттанды. Дүйшөмбү күнү Европа Биримдигинин президенти болгон Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шваценберг баштаган делегация да Прагадан Каирге учуп кетти. Прага аба бекетинде кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, биримдиктин тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднер абалдын татаал экендигин мындайча эскертти:

- Биз Газадагы кырдаалга, айрыкча гуманитардык абалга өтө кабатыр болуп жатабыз. Бул согуш аракеттери кан буугандай токтошу керек.

Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Бернард Кушнер Хамастын Израилди аткылаганы провокация болгондугун белгилеп, ошого карабастан Израилдин реакциясы өтө эле аша чапкан чоң масштабда болуп эаткандыгын, натыйжада кырдаал өтө курчуганын белгиледи.

Орусия да Жакынкы Чыгышка өз өкүлүн жиберди. Палестин өкүлдөрүнүн эсебинде Израил мындан тогуз күн мурда башталган чабуулдарда аз эле дегенде 510 палестин курман болгондугун, дагы 2 жарым миңи жарадар болду.

Израил исламчыл радикал Хамас уюмунун ракетадан тынымсыз аткылоолорун токтотуу максатында согуш баштаганын айтууда. Согуш аракеттери башталгандан бери бир израил аскери окко учту. Ал эми Хамастын ракеталарынан Израилдин төрт жараны каза болду.

XS
SM
MD
LG