Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

ЕБ өкүлдөрү бүгүн Брюсселде газ боюнча чукул жыйынга чогулат


Россия менен Украина ортосундагы талаштын айынан европалык кардарлар жапа чегишүүдө. Акыркылардан болуп Чехия, Хорватия жана Греция Россиядан келген газдын көлөмү азайганын маалымдашты. Киев менен Москва газдын баасына байланыштуу келип чыккан чатак үчүн бири-бирин күнөөлөшүүдө. Россия жаңы жылдын алгачкы күнүндө Украинага газ берүүнү токтотуп койгон. Орус бийликтери Киев Европага багытталган газды уурдап жатат десе, Украина Газпром Европага жетиштүү көлөмдөгү газ жибербей жатат деп айыптоодо. Кечээ Орусиянын мамлекеттик Газпром ишканасы Украинага газдын миң куб метри 450 долларга сатылаарын билдирген. Киев болсо газдын баасы кымбаттаса, Россия транзит үчүн төлөгөн акыны да көтөрүшү керек деп талап кылууда.

XS
SM
MD
LG