Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Израилдин коргоо министри Газа тилкесиндеги аскерий операция максатына жете электигин айтты


Министр Эхуд Баракдын айтымында, согушкерлер Израилди ракеталардан аткылоону токтотмоюнча, жөөт армиясынын аракеттери улана берет. Палестин бийликтеринин маалыматына ылайык, Израилдин 9 күндөн берки соккуларынан 500дөн ашуун палестиналык, көбү карапайым кишилер каза тапты. Израил бомбалоону жөөт мамлекетинин аймагына ракета аткан согушкерлерди ооздуктоо максатында баштаганын ырастап келатат. Ишембиде израилдик куралдуу күчтөрдүн танкалары тилкеге кирип барышты. Салгылашууларда 1 жоокер мерт болуп, 30дайы жараат алганы маалымдалууда. Ок атышууну токтотууга жетишүү максаты менен Жакыңкы Чыгышта Еврошаркеттин делегациясы, Франциянын президенти Николя Саркози жана орус президентинин атайын өкүлү жүрүшөт.
Хамас радикал тобу дипломатиялык сүйлөшүүлөр үчүн Каирге өз тобун жиберип жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG