Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Газа тилкесиндеги кризиске эки аптага аяк басты. Эл аралык дипломаттар ок атышуунун токтотулушуна жетишүүнү көздөөдө. Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, Газадагы зордук -зомбулукту дипломатиялык жол менен басуу мүмкүн эмес. АКШнын ишкерлик институтунун талдоочусу, Жакынкы Чыгыш боюнча таанымал адис Майкл Рубин (Michael Rubin) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосу үчүн жазган комментарийинде мына ушундай ойду айтат.

Эл аралык Мунапыс уюму абадан бомбалоону токтотуусу үчүн Израилге АКШ кысым көргөзүүсүн талап кылды. Европалык жана араб дүйнөсүнүн дипломаттары башка өлкөлөр, балким, Иран менен Сирия ок атышууну токтотууга көндүрүү үчүн Хамаска басым жасайт деген үмүттө. Анткен менен Жакынкы Чыгыш боюнча адис Майкл Рубиндин көз карашында, бул ыкма азыр иштебейт. Ок атышууну күрөштүн себебине карабастан талап кылуу жаңжаалды жөнгө салгандын ордуна, аны күчөтөт.

Майкл Рубиндин пикиринде, Газа тилкесиндеги кризистин тамыры Хамас тобунун саясатында жатат. Израил тилкеден бир тараптуу түрдө 2005-жылы эле чыгып кетип, палестин бийлигине аймакты башкаруу боюнча буга чейин болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүк тартуулаган эле.

2006-жылы январда болгон шайлоодо Хамас палестин парламентиндеги 132 орундун 76сын жеңип алды. Кадыр-баркты зордук-зомбулуктун аркасында топтогон Хамас шайлоону бийликке мыйзамдуу келүүсү катары эсептегени менен жетекчиликтин жоопкерчилигинен четтеп кетти.

Өндүрүштү өнүктүргөндүн ордуна, Израил палестин экономикасын кайра курууга жардам берүү үчүн артынан калтырган, өсүмдүк өстүрүүчү, наркы миллиондогон доллардык жайларды талкалады. Коррупцияны ооздуктагандын ордуна, миллиондогон долларды Хамастын казынасына которду. Бул ишке атайлабаганы менен Улуттар уюму, донор өлкөлөр да аралашып кетти. Анткени Палестинанын мектептерин, саламаттыкты сактоо жана социалдык жайларын каржылоо менен донорлор жоопкерчиликти жокко чыгарышты. Ал эми жакшы башкаруу жоопкерчиликке көз каранды. Хамас донорлор куткарып кетерин билип тургандыктан, палестиналыктардын турмуш-тиричилигин оңдоону алдыңкы орунга коймок эмес. Акчаны алмаштырууга мүмкүн болгондуктан, келген жардам Хамас курал-жарак үчүн сарптоочу ресурс катары иштеп жатты.

Америкалык ишкерлер институтунун талдоочусу Майкл Рубин белгилегендей, Хамастын Израилге каршы ракеталык чабуулу Европа жана Улуттар уюмунун жардамы менен катарлаш өсүп олтурду. Газадан Израилди ракета менен атуулар Хамас бийликке келгенден кийинки жылы 500%га өстү, 2008-жылы кайрадан дээрлик эки эсеге көбөйдү. Сан менен айтканда өткөн жылы Газадан Израилдин аймагына 1730 ракета түшкөн. Ал эми минемет менен атуулардын саны мындан эки эсеге чейин арбыган.

Тынчтык жараянын алга жылдырууга дипломаттар соңку жылдары да аракеттенип келишти, бирок ок атышуу токтогон ар бир мезгилде, Хамас улам куралдын татаал түрүнө ээ болуп жатты.

Израилге кол салуу күчөгөн шартта, өзгөчө Израил адегенде Газадан чыгып кетүүсү керек деген чакырыктар айтылгандан кийин АКШ Израилден өзүн коргоону токтотууну талап кылуудан баш тартканы түшүнүктүү.

Сирия менен Ирандын дипломатиялык кийлигишүүсүнө үмүт артуу да - акылсыздык. Анткени Хамастын эң согушчан канаты Сирияда жайгашкан жана Израилди талкалоо - бул республиканын идеологиясынын өзөгү. Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад болсо Израилди демографиялык өзгөрүүлөр эмес, аскер күчү менен жок кылуу жөнүндө отуздан ашуун жолу айткан.

Албетте Израилдин азыркы чабуулдарынан палестиндер жабыр тартып жатканында шек жок. Аба соккуларынан 300дөн ашуун адам мерт болду. Алардын алтыдан бир бөлүгү карапайым тургундар. Калк жыш жайгашкан чөлкөмдө аскерий эмес жоготуулардын үлүшү аз экендиги Израил кыйыр чыгымдан качууну каалаганын көргөзүүдө. Хамастын ракеталарынан айрымаланып, Израилдин аба соккулары жөн-жай тургундарга багытталган эмес. Өкмөттөр согушту көздөгөн учурда, сөзсүз карама-каршылык көргөзүлөрүн да эстен чыгарбоосу керек. Согушту тандагандар өз чечиминин экономика жана башка чөйрөлөргө тийүүчү ыктымал чыгымдарын аңдап-билүүсү абзел. Шайланган өкмөттү жоопкерчиликтен актоо демократиянын жерпайын бузат.

Туруктуу тынчтык эки тараптан тең согуштун чыныгы чыгымын таанууну талап кылат. Египеттин мурдагы президенти Анвар Садат Нобель тынчтык сыйлыгын 1977-жылы Израилге жасаган тарыхый визити жана 1978-жылкы Кэмп-Дэвид келишимдери үчүн жеңип алган. Балким бүгүн ал тынчтык орнотуучу катары эстелиши мүмкүн, бирок Анвар Садат Иерусалимге зыяратты 1973-жылы, согушту көздөөнүн пайдасыздыгын тааныган соң гана жасаган.

Андыктан Жакынкы Чыгыш боюнча таанымал адис Майкл Рубиндин көз карашында, палестиналыктар жана алардын шайланган өкмөтү Анвар Садаттан сабак алмайынча, дипломатиядан үмүт үзө берүүгө болот. Тынчтыкка карай жол ок атышунун токтошунда эмес, палестиниалыктар Израилдин жашоого укугун таануусунда жана эл аралык коомчулук Израилдин террордон жана ракеталык чабуулдан тыш жашоо укугу Германия, Жапония же Канаданыкынан эч айрымаланбасын түшүнүүсүндө жатат.

Эгер палестиналыктар согуш менен жек көрүүчүлүктүн ордуна тынчтыкка жана билимге артыкчылык беришсе, Газа тилкеси Гонконг, Сингапур же Дубай боло алмак. Моралдык эквиваленттүүлүк жана убактысы оңунан чыкпаган дипломатия мындай эсепти кечиктирүүдө жана пайдасынан зыяны көбүрөөк болуп жатат.

P.S. Макалада айтылган ойлор - комментарийдин автору Майкл Рубиндин жеке пикири. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун көз-карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG