Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Индия Пакистанга Мумбай чабуулдары боюнча далилдерди тапшырды


Индия Мумбайга чабуул жасаган согушкерлердин Пакистанга тийешеси бар болгондугунун далилдерин Исламабаддын өкмөтүнө тапшырды. Исламабад эбактан эле чабуул Пакистандан уюштурулган деген ырастоону далилдөөнү талап кылып келген эле.

Ноябрдагы чабуулда Индиянын финансылык байтактысында 164 кишинин өмүрү кыйылган эле. Индия бул кол салуу үчүн пакистандык согушкерлерди күнөөлөгөн. Бирок Исламабад мындай кинени четке кагып, эгер бул чын болсо, ага фактыларды келтирүүнү талап кылып келген.

Мына эми Индиянын өкмөтү андай фактыларды Пакистан өкмөтүнө тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Пранад Мукерже буларды кабарлады:

- Биз бүгүн Пакистанга 26-ноябрда Мумбайга кол салган террористтердин Пакистандагы элементтерге тийешеси бар экендигинин далилдерин тапшырдык. Биз ошондой эле бардык ымалаш өлкөлөргө кабар бердик.

Пакистандын тышкы иштер мекемесинин маалымат кызматы бийликтер бул фактылар менен таанышып жаткандыгын айтып, башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Индиянын ырастоосунда, үч күнгө созулган чабуулдар Пакистанда жайгашкан Лашкар-е-Таиба деген уюшманын колунан келди. Пакистан бийликтери бул чабуулга тийешеси бар деп шектелген эки кишини камакка алган, ошондой эле Лашкар-е-Таибага калканч болуп кызмат өтөгөн кайрымдуулук уюмунун ишин бүт өлкө боюнча иликтеп жатат.

Индия Пакистанды шектүү кылмышкерлерди өзүнө өткөрүп берүүгө жана өз аймагында жайылган террордук уюшмалардын биримдигин жок кылууга чакырган. Пакистандын жетекчилери ар кандай шектүү кылмышкерлерди өздөрү соттой тургандыгын айтышууда.

Чабуулдарга байланыштуу Индия менен Пакистандын мамилеси өтө начарлап кеткен. Эки өлкөдө тең ядролук курал болгондуктан, мындай тиреш эл аралык коомчулукта айрыкча кооптонуу менен кабыл алынган. Пакистан Ооганстан менен чек арасында топтолгон куралдуу күчтөрүн Индиянын чек арасын көздөй которгон. Сын көз караштагы байкоочулар мындай орун которуштуруудан пакистан-ооган чек арасындагы уруучул аймактарда борбордук бийликтин таасирин күч алдыруу аракетине залал келип жаткандыгын айтышууда. Ушул дүйшөмбүдө бул аймакта полиция денеси октон теше болгон үч кишинин сөөгүн табышты. Полициянын маалыматында, бул үчөө талибдер Кошмо Штаттарынын тыңчылары деп айыптаган пакистандык курулушчу жана эки ооган жараны болгон.

Индия бир нече аптадан бери Пакистанга кысымды күч алдыруу үчүн эл аралык деңгээлде кыйла аракет жасоодо. Бирок Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик "эч кимдин кысымына моюн сунбай" тургандыгын эскертти.

"Биз көз карандысыз өлкөбүз, биз өз мыйзамдарыбыздын негизинде иш алып барабыз. Эч ким бизге кысым көрсөтө албайт" деп айтты ал.

Мумбайдагы чабуулда 10 куралчан шаардын 10 жеринде бир мезгилде чабуулга өткөн. Алар беш жылдыздуу эки мейманкананы, шаардын башкы темир жол бекетин, эл көп каттаган ресторандарды жана жөөттөрдүн борборун бутага алышкан. Салгылаштардын жүрүшүндө бейкүнөө адамдар менен катар, кол салгандардын тогузу да окко учуп, бирөө колго түшкөн. Индия Пакистанга жөнөткөн далилдердин арасында мына ошол тирүү калган жалгыз согушкердин көрсөтмөлөрү да бар.

Анын аралыгында, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Баучер Исламабадга келди. Мында ал Пакистандын өкмөт жетекчилери менен жолугушуп, башка маселелердин арасында Мумбай окуяларын да талкуулай тургандыгын АКШнын Исламабаддагы элчилиги бышыктады.

XS
SM
MD
LG