Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Орусия Кыргызстанга бере турган кредитинин шарттарын тактап жатат


Мындай маалымат өкмөт башчынын басма сөз катчысы Айбек Султангазиевден алынды. Анын айтымында, азыр эки тарап Орусия Кыргызстанга берүүгө ниеттенип жаткан 2 миллиард доллар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Аны берүүнүн ички шарттарын Орусия да тактоодо. Шарттар боюнча сүйлөшүү президент Курманбек Бакиевдин ушул айдын ортосунда Москвага белгиленип жаткан жумушчу сапарынын учурунда да талкууланып, такталгандан кийин Премьер-министр Игорь Чудинов эки өлкө ортосунда меморандумга кол коюшу күтүлүүдө. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева өкмөт аталган кредитти алса Кыргызстандын тышкы карызы эки эсе көбөйүп, Орусия суу-энергетика тармагына ээлик кылып калышы мүмкүн экендигин билдирген. Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев болсо өкмөт каражатты алуудан мурун аны кайда жана кантип жумшоо жолун тактабаса мурда алынган кредиттердей эле изи табылбай калып, жалпы элдин мойнуна түшөт деп билдирген болчу.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG