Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Имамдарды окутуу башталды


Жаңы жылдан тарта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 60 имамы жана диний кызматкери Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде атайын курстан билим ала башташты. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен алынган маалыматка караганда, аларга исламдын тарыхы, диний агымдар, философия, исламды таануу боюнча сабактар өтүлүүдө. Алар курсту аяктагандан кийин сынактан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушат. Жыйырма күндүк курста окутуу акысын “Дианет Вакфы” деген түрк фирмасы каржылап жатат. Диний мекемелердин кызматкерлеринин атайын билими жоктугунан улам диний көз караштар боюнча карама-каршылык коомдо күчөп жаткандыгын Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков билдирген.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG