Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Ошто жаңы жыл алдында укук коргоочуну уруп кетишти


Токмоктолгон укук коргоочу Төлөн Дыйканбаев.
Токмоктолгон укук коргоочу Төлөн Дыйканбаев.

Жаңы жыл босогосунда белгилүү укук коргоочу Төлөн Дыйканбаевди үй-бүлөсү менен үйүндө сабап кетишти. Ага удаа абактан жаңы бошогон «Акыйкат сот - Чындык» фондунун төрагасы Равшан Гапировго карата күч органдарынын аңчылыгы башталды.

Оштогу укук коргоо кыймылынын төрагасы Төлөн Дыйканбаев «Азаттыкка» кабарлашынча, 2008-жылдын 31-декабрында саат түнкү 21.30 чамасында анын шаардагы батирине чала тааныш үч адам баш баккан.

Экөөсү үй ээсин жаңы жылы менен куттуктап эшикке жылгандан кийин, үчүнчүсү Дыйканбаевди, жубайын жана кызын күтүүсүздөн уруп-тепкилеген.

Жабырлануучу бул токмоктоону Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, учурда өзбек улуттук-маданий борборунун вице-президенти Кадыржан Батыров, бизнесмен Аманбай Сатыбаев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Расулжан Усманов уюштурган деп шектенүүдө.

Себеби укук коргоочу аталган кишилердин мыйзамсыз жоруктарын массалык маалымат каражаттарында ашкерелегендиги үчүн мурда да уруп-сабалган.

-Мурун да бир милициянын тапшырмасы менен урду эле. Фактылар бар, мен сени азыр союп таштайм деди эгерде бычак, вилкалады бекитип койбогондо азыр мен алдыңда отурбайт элем. Мен муну арызга жаздым. Биринчиден киллерди, экинчиден ошону уюштурган адамдары жоопко тартыш керек. Мен саясий тапшырма дегеним мен кыргыздын улутчул, мекенчил адамымын да.

Ишкер, «Жети түс» фирмасынын баш директору Аманбай Сатыбаев жогорудагы окуяга тиешеси жоктугун билдирди. Ошол эле учурда Төлөн Дыйканбаевди патриоттордун сабына кошпой тургандыгын, тескерисинче, бийликтин тыңчысы катары эсептээрин ачыктады.

- Мен Кадыржан Батыровдун депутат болгонун билемин, Расул Усманов дегенди мен уккам, бирок элестете албай жатам да ким экенин. Мен Төлөн Дыйканбаевди элчил, патриот адам деп айта албаймын. Эгер эл өзү билип, көрүп турган болсо өздөрү салыштырып турат. Ушундай бир кичинекей адамга адамдар кандайдыр бир буйрутмаларды уюштурушу мүмкүн эмес.

Ош шаардык милициясына кайрылсак, Дыйканбаевге кол көтөргөн жигит мурда издөөдө жүргөндүктөн кармалгандыгын айтып, ашыкча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Ал эми абактан жаңы бошогон «Акыйкат сот - Чындык» фондунун төрагасы Равшан Гапиров ага карата күч органдарынын аңчылыгы башталгандыгын айтып, муну өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” уюмунун мүчөлөрү деп соттолгон ноокаттык 32 жарандын укуктарын коргоого киришкендиги менен байланыштырды.

-Мен өлүмдөн коркпогом, түрмөсүнөн корком. Мен бул жолдон кайтпайм! Колуңардан келсе өлтүргүлө! Бирок мени токтото албайсыңар деп баардык жерде айтып жатам дагы жазып жатам. Мен сынгандан көрө өлүмдү абзел көрөм!

Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Талипбек Нуралиев да милиция кызматкерлери тарабынан укук бузуулар көбөйгөндүгүнө тынчсызданды.

-Кыргызстандагы ахыбал бирдей эле. Бишкекте деле, Ошто деле кылмыш иштери боюнча арыздар көбөйдү. Ушул тармактарда акыркы мезгилдерде айрыкча Ички иштер министирлигинин кызматкерлери тарабынан, тергөөчүлөр тарабынан көп укук бузуулар болуп жатат.

Талипбек Нуралиевдин баамында, жарандарга жана бейөкмөт уюм өкүлдөрүнө карата мыйзамсыз аракеттер тыйылбаса, коомчулукта нааразычылык күчөп, социалдык жарылууга түртүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG