Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Израиль аскерлери Газадагы экинчи ири шаарга киришти


Газа тилкеси - Рафах шаарында нандын кезегинде турган эл, 06Jan2009
Газа тилкеси - Рафах шаарында нандын кезегинде турган эл, 06Jan2009

Кээ бир кабарларга караганда, Израилдин куралдуу күчтөрү Газа тилкесиндеги Хан Юнус шаарына кирип барышты. Палестиналык күбөлөрдүн айтымында, Хамас согушкерлери аларга ок кайтарышкан. Түн ичинде Газа шаарынын чет жакасында айыгышкан салгылашуу жүргөнү кабарланууда.

Палестиналык доктурлардын ырастоосунда, Израилдин чабуулу жүрүп жаткан 11 күндөн бери Газа тилкесинде 560тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Улуттар уюму курман болгондордун төрттөн бир бөлүгү жайкын тургундар экенин билдирүүдө.

Кечээ израилдик танк байкабай 3 жөөт аскерин атып алды. Жалпы жонунан аскерий аракеттер башталгандан бери израилдик 8 адам набыт болду.

Жөөт армиясы Газа тилкесинин аймагына тереңдеген сайын алардын максаты айкын боло баштады. Уруштун буга чейинки баскычы Газа шаарынын түндүктөгү жака белин Израилдин аймагына ракета аткан Хамас согушкерлеринен тазалоону көздөгөн эле. Түн ичинде болсо армия Египет менен чегарада жайгашкан тилкенин экинчи ири шаарына – Хан Юнуска басып кирди. Газадагы негизги кан жолду ээлеп алган аскерлер мыйзамсыз курал-жаракты, анын ичинде ракеталарды ташуу жолдорун бууп салууну көздөшүүдө.

Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт кечээ билдиргендей, операциянын натыйжасында “Хамас ракеталарды атууну гана токтотпостон ок чыгаруу кудуретинен айрылышы керек”.

Жөөт бийлиги болочокто жарашуу келишими түзүлсө, анда Египет менен Газа тилкесинин чегарасына эларалык миссия жайгаштыруу шарты камтылууга тийиш дешүүдө. Муну менен туннелдер аркылуу курал-жарак ташууга бөгөт коюлмакчы.

Израилдин расмий өкүлдөрү ошондой эле Хамастын ракета атуулары азайганын белгилешүүдө. Израилдин Вашингтондогу элчилиги берген маалыматка ылайык, декабрдын 25инде согушкер топ жөөт мамлекетинин аймагына орто эсеп менен 80 ракета чыгарса, эми күнүнө 20дай ракета атылууда.

Израилдик “Маарив” гезити болсо чалгындоо кызматындагы булактарга таянып жазганына караганда, Хамастын ракета жана дүрмөттөрү Израилди дагы бир нече жума аткылоого жетиштүү.

Ал эми радикал топтун лидерлери шаар ичиндеги кармаш аларга артыкчылык берет деп, каршылык көрсөтүүнү күчөтүүгө убада кылышууда.

Бул аралыкта эларалык коомчулук жана региондун лидерлери урушту токтотуу үчүн дипломатиялык аракеттерин улантышууда. Кечээ Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркози Израиль жетекчилиги менен жолугушту.

- Израиль – бул чоң улут, улуу демократия. Эгер Израиль Газадагы гуманитардык кырдаалдын бүгүнкүдөн да оорлошуна жол берсе, дүйнө муну түшүнбөйт. Израиль улуу өлкө, демократия болгондугу үчүн гуманитардык кырдаалды бүгүнкүдөй абалда калтырбайт.

Саркози Газага гуманитардык жүк жеткирүү үчүн 48 сааттык элдешүүгө дагы бир ирет чакырды. Бирок Телавив Хамаска кысым көргөзүүнү азырынча токтотууга даяр эместигин айтууда.

Улуттар уюмунун гуманитардык иштер боюнча координатору Максвелл Гэйларддын билдиргенине ылайык, Газа тилкесинде көп сандагы адамдар, анын ичинде балдар ачка калды. Эл медициналык жардамга жете албай калды, электр жарыгы, таза суунун жоктугунан жапа чегүүдө.

XS
SM
MD
LG