Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Бишкектеги жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхман Жакынкы Чыгыш маселеси, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер тууралу "Азаттыкка" кенен аңгеме куруп берди.

- Урматтуу раввин, сиз Кыргызстанда туруп, Жакынкы Чыгыштагы, тактап айтканда, Газа тилкесиндеги кайрадан катуу тутанып кирген согушту кандай баалоодосуз?

- Тилекке каршы, акыркы мезгилдерде бүткүл дүйнө терроризм деген балакетке барган сайын арбын кабылып жатат. Тээ мурда терроризм аскердик иш-аракеттерге каршы уюшулуп келсе, азыр бардык чөйрөдө эле кадам сайын кезигип жатат. Айталы, мындан анча алыс эмес убакыттарда эле Индияда, Орусияда жүрөк титиреткен террордук иш-аракеттер болбодубу. Жакынкы Чыгышта деле ошол террорчулуктун айынан согуш өртү күчөп атат. Израил мамлекети ошол терроризмге каршы турууга катуу аракет кылууда.

- Байкап аткандырсыз, дүйнө коомчулугунун басымдуу бөлүгү Израилдин согуштук иш-аракеттерин айыптап жатышат?

- Израилди эле бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес. Дүйнөлүк коомчулукта, дүйнөлүк маалымдоо каражаттарында ХАМАС мусулмандар уюмун да абдан жектеп жатышпайбы. Израилди ушундай согушка кирүүгө аргасыз кылган – ошолор болду да. Израил мамлекетинин чегине тынымсыз ракеталарды жаадырып, жөн-жай адамдарды кырып. Ал эми Израил өз жарандарын коргоо иш-чараларын көрүп жатат.

- Урматтуу раввин, Кыргызстанда дагы Израилдин согуштук аракеттерин токтотуу талабы менен митинг уюштурабыз дегендер чыгууда?

- Чынын айтсак, Кыргызстандагы диний конфессиялар абдан ысык ымаладабыз. Мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн дин жетекчилери кези менен жолугушуп-баарлашып турабыз дегендей. Эч кандай араздашуулар жок. Албетте, айрым бир ача пикирлер болуп калышы мүмкүн. Ар кимдин кандайдыр бир нерсеге карата жеке пикири болот эмеспи. Кимдир-бирөөлөр менен макул болгон же макул болбогон. Бирок эч ким терроризм усулдарын, экстремизм усулдарын колдобойт! Ага мен бөркүмдөй ишенем. Жөнөкөй эле бир мисал, 1999-жылкы Баткен окуясын эстеп көрөлүчү. Кыргызстанды белгисиз адамдар басып киргенде Кыргыз өкмөтү же Кыргызстандын эли кандай каршылык көрсөттү эле аларга. Зомбулукка эч ким келишүүчүлүк менен мамиле кылбайт! Азыр Израилде болуп жаткан согуштук аракет – так эле ошондой нерсе.

- Газа тилкесинин тарых-таржымалына да кайдигер карабасаңыз керек?

- Мурдараак Газа тилкесин Израил тарап көзөмөлдөп турган. Анан Израилдин андан чыгып кетишин шарттаган чечим болбодубу. Анда жашаган элдин, демек, палестиндердин өздөрүнүн бийлик институтун түзүшүнө шарт түзүлдү. Ал тургай Израил аларга каржылык жана курал-жабдуу жагынан жардам бергенин да билем. Бирок тилкеде кымындай да тартипке келтирүү иштери жүргөнү жок да. Израилдин жөн-жай турмуш кечирген калкына катарма-катар ок атылып, көбү өлүп, көбү дене-мүчөсүнөн айрылып, көбү акыл-эсинен айнып – жаман эле болбодубу? Биз түшүнүшүбүз керек да, эгер адам өзүн коргобосо – ал тирүү калбайт.

- Сиздин оюңузча, урматтуу раввин, бул согушту кантип токтотсо болот?

- Согушту кантип токтотсо болот? Сүйлөшүүлөрдү баштап гана. Анүчүн террордук уюмдар ракеталарды жөн-жай калкка жаадыруусун токтотушу керек. Менимче, Израил мамлекети Газа тилкесинде бир мүнөт тургусу келбейт – тигилер токтосо.

- Сиз жанараакта Жакынкы Чыгыш маселеси Израилдин же Палестинанын эле эмес, жалпы дүйнөнүн маселеси дегендей ойдун учугун чыгардыңыз эле. Ошол жагына кенен токтолуп өтпөйсүзбү?

- Бир ай мурда бүткүл дүйнө күбө болбодубу, Индияда террорчулардын тобу мейманкана-нелерден бери жардырып, анын ичинде жөөт борбору да жабыр тартты. Мындай кыйроону биз эки-үч жыл мурда Орусиядан – Бесландан көргөнбүз. Андан чоң кыйроону биз 2001-жылы 11-сентябрда Америкадан көргөнбүз. Баарысы тең террорчулардын жардыруу, бүлүндүрүү усулу. Мындай жардыруу, бүлүндүрүү Индияда болобу, Орусияда болобу, Америкада болобу, Израилде болобу – ал маселе эмес. Маселе – анын, терроризмдин өзөгүн солутууда! Мүмкүн болушунча тезирээк террор усулдарынын тамырын жер бетинен жулуп салууда!

- Эми, урматтуу Арие Райхман мырза, Кыргызстандагы жөөттөр тууралу да эки ооз сөз айта кетсеңиз?

- Кудайга шүгүр, биздин диаспора кыргыз элинин ысык ырайына ушунчалык ыраазы. Анткени, жөөттөр Кыргызстанга Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көбүрөөк келишкен экен, ошол кыйын кезеңдерде да кучак тосо кабыл алышыптыр. Боор батырышып жашап келе жатабыз. 2000дей жөөт барбыз Кыргызстанда. 98 пайызы Бишкекте жашайт.

Кыргызстан Мусулмандар биримдигинин теңтөрагасы Турсунбай Бакир уулунун Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча маегин бул жерден окусаңыз болот.

www.azattyk.org/content/Article/1366763.html

XS
SM
MD
LG